super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Биздин балачак интернет, телефонсуз кызыктуу өткөн"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернетсиз балалыгыбыз кызыктуу болчу" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жашынмак, мак ойноп, "резинка" секирчү элек. Кышында кошуна балдар менен кар чабышып, эртеден кечке эшикте жүрө берчүбүз. Ал эми учурдун бөбөктайлары интернеттен оюн ойношот, сабактан кийин компьютердик клубдарга жөнөшөт. Бала үчүн физикалык жактан деле көбүрөөк кыймыл керек да, интернетте кечке отурушса кайдан? Ата-энелер жанынын тынчына карап, уюлдук телефондорун берип коюшат".

"Кичине кезимде үч дөңгөлөктүү шайтан арабам бар эле, аны көп теппейт элем. Улуураак балдарга берип койсом тепкен бойдон кетет, мен аркасынан "дикилдеген" бойдон чуркайм".

"Кыздардын кээ бири топ таш, башкалары тизелерине жип илип, сепсеңдеп бир ары-бери секирип ойногон оюнун ойноп жатса, балдар болсо чогулуп алып, чүкө атышып, бир аз бойго жетип калган улуураактары чакаларга суу алып келе жаткан кыздар менен жол жээгинде сүйлөшүп жатышса... Эч кандай интернет, телефондогу оюндар, маданиятсыз видеолор жок, жан дүйнөбүз эртең мененки абадай таптаза, ойлор баёо, сүйлөшүүлөр аруу болуп, жакшы заман болчу ал убак".

"Ошон үчүн мурунку адамдардын угуусу, көрүүсү, эске тутуусу жакшы болчу, азыр кайдан? Уюлдук телефон менен эртеден кечке интернетте отурушат. Мисалы, мен аябай унутчаакмын".

"Чогулуп алып, көргөн кинолорубузду мактанып айтчу адатыбыз бар эле. Анан кыздарга кат жазчубуз: "Саламатсыңбы? Сени көрүп жактырып калдым, экөөбүз жүрүп албайлыбы?" деп".

"Учурда балдар китеп окушпайт, эс тутуму да начар. Көздүн көрүүсү көп балдарда жакшы эмес, окулисттердин айтуусу боюнча, акыркы 3 жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу көпчүлүк балдардын көрүүсү начарлап, көз айнек тагынууга аргасыз болушкан".

"Бала кезде колдор кесилип, жарылып, анан кап-кара болуп кетчү. Кечинде үйгө келгенде апам урушуп, кир самындан сүйкөп туруп, колумду ысык сууга салдырчу эле, ошондогу колумдун ачышканы азыркыга чейин эстен кетпейт".

"Апам чачымды балдардыкындай кылып кыркып, жууп, тарап, өзү тиккен көйнөгүн кийгизип, колума нан карматып койчу".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: