КҮНСЕРЕП: Кайран сөз эркиндиги, кайда баратасың?
Бүгүн, 13-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Боинг” жүк ташуучу учагы Эл аралык “Манас” аба майданына коно албай жанындагы айылга кулап, 39 кишинин өмүрүн алып кеткен күндөн бери 2 ай убакыт өттү. Өкмөттүк комиссия кырсыктан келтирилген материалдык чыгымды 195 миллион сом деп эсептеп чыккан. Ошол күнү көз жашын тыя албай турган элдин алдында көп убадалар айтылган. Алардын кайсынысы аткарылды?
Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиакырсыктан жабыркаган үйлөрдүн чатырын жабууга кызматкерлерин берип, жардам көрсөттү. Ар кандай кайрымдуулук фонддору тарабынан чогултулган акчалай каражаттар жабырлануучуларга тапшырылды. Жардам көрсөткүсү келгендер үчүн өкмөт тарабынан ачылган бирдиктүү эсепке учурда 95,7 миллион сом чогулганын Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Министр бирдиктүү эсепке чогулган акчанын жабырлануучуларга бөлүштүрүлүп берилбей жатканынын себептери бар деп, ал эмне болгон себептер экенин түшүндүргөн жок. Авиакырсык орун алган айылдын тургундары убадалар сөз боюнча калып, элден чогулган жардам өз дарегине жетпей калат, материалдык жардам, компенсация төлөнбөй калат деп тынчсызданышууда. Алар өкмөт келтирилген зыяндарды эсептегенде кырсыктан улам дубалдары жарылып, айнектери сынып кеткен үйлөрдү катарга киргизбей койду деп нааразы болушууда. Арасында кырсыктан пайдаланып өкмөттөн үй маселесин биротоло чечтирип алууну максат кылып отургандары да жок эмес. Айрымдары “талабыбыз аткарылбаса, өзүбүздү өрттөп жибергенге даярбыз” дешет. Талап – жабырлануучуларды коопсуз аймакка көчүрүү, турак жай менен камсыз кылуу.
Убакыттын өтүшү менен, кырсыктын унутулуп кетишин каалап отургандар да аз эмес өңдөнөт. Мисалы, кырсык болгонунан бери 2 ай өткөнүнө карабай Гонконг-Стамбул каттамындагы учактын Бишкекке конууларында жүк түшүрүлүп жүрчү беле, жокпу, май куюп жүргөн болсо ал документтер барбы, канча каражат түшкөн, андан канча салык которулган деген өңдүү суроолорго өкмөт тарабынан коомчулукка ачык, так жооп бериле элек. Бул кырсыкка байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия кызуу иш алып барып жаткандай көрүнгөн. Өмүрбек Текебаев камакка алынган соң аталган комиссиянын мүчөлөрү иликтөөнү улантууга баштагыдай шык менен көңүл бөлбөй калышты. Кырсыктын себептерин иликтеп баштаган Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы “учактагы жүк Стамбулга түшүрүлмөк” деген жарыясынан бери дайыны жок. Транспорт жана жолдор министрлиги “комиссиянын жыйынтыгын биз дагы күтүп жатабыз”, - дешет...
Эркин ММКлар менен өлкө президентинин ортосундагы тиреш уланууда. Дем алыш күндөрү Алмазбек Атамбаев билдирүү жасап, акыркы убакытта бийликке, өлкө башчысына карата айтылып, жазылып жаткан кескин сындарды “жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмарлыктын кампаниясы” деп атады. “Журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салам”, - деди өлкө башчысы. Буга чейин мамлекет башчы “ушак чыгаруучу жайга айланды” деп өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органын – Жогорку Кеңешти сындаган эле. “Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда. Тийиштүү мамлекеттик органдар өлкө башчынын бул тапшырмасын ондогон миллион сомдук арыздар менен аткарышууда. Алсак, 5-10 күндүн аралыгында Башкы прокуратура жана КСДП тарабынан “Азаттыктан” 20 миллион сом, “Занозадан” 6 миллион сом, 24.kg'ден 1 миллион сом, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынан 10 миллион сом, укук коргоочу Рита Карасартовадан 1 миллион сомдук компенсация өндүрүп берүү боюнча сотко арыз тапшырылды.
“Азаттык” радиосунун башкы редактору Ненад Пейдж башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2 арызы боюнча пикирин жарыялады. “Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз, эки учурда тең биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын жарыялаганбыз”, - дейт. Ошондой эле аталган басылма Кыргыз Республикасынын Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 26-беренеси боюнча маалымат каражаттары коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз жарыялаганы үчүн жоопко тартылбай турганын эске салууда.
Соттун чечими менен Аскар Акаевдин башкаруу режиминин учурунда “Асаба”, "Ордо" жана башка гезиттер, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда "Пирамида" телеканалы, “Де факто”, “Алиби” өңдүү гезиттер ири суммада доого жыгылып, айрымдары жабылып да калган. Бул ирет кандай чечимдер чыгары азырынча белгисиз. Сөз эркиндигин коргоо комитети бул жумада аталган маселелерге байланыштуу эркиндик форумун өткөрүүнү пландоодо. “Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргыз мамлекетинин башкаларга салыштырмалуу ээ болгон бирден бир жетишкендиги - сөз эркиндиги”, - деген комитет бул баалуулукту коргоого чакырууда...
Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Медет Садыркулов өлтүрүлгөнүнөн бери 8 жыл өттү. 2009-жылы 13-мартта таңкы саат бештер чамасында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кой-Таш айылы тараптагы капчыгайда күйүп кеткен Лексус унаасы менен Ауди унаасы табылган. Лексустагы 3 адам таанылбай турган деңгээлде күйүп кеткен. Каза болгондордун бири президенттик администрациянын мурунку башчысы, акыркы күндөрү оппозиция менен активдүү иштеше баштаган Медет Садыркулов болуп чыккан. Бакиевдик режим бул окуяны катардагы жол кырсыгы деп тергеп, бир адамды жооптуу кылып соттоп жиберген. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин иш кайрадан каралып, Медет Садыркулов жана анын 2 шериги мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Анын өлүмү кырсык эмес, буюртма экендиги, кылмыш УКМК, ИИМ, чек ара кызматынын катышуусунда уюштурулгандыгы белгилүү болгон. Бул кылмышты негизги уюштуруучулар деп табылып ага-ини Курманбек жана Жаныш Бакиевдер бири 24 жылга, бири өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул өкүмдөр сырттан чыгарылган. Ал эми Бакиевдер Беларуста жагымдуу жашоосун улантышууда. Атүгүл Курманбек Бакиев маек берип, өзүнүн бийлигинин тушунда Кыргыз экономикасын көтөрүп салганын айтып мактанууда. Бийликтен куулган мурунку президент Медет Садыркуловдун өлүмү сыяктуу кандуу окуяларды унутуп калган сыяктанат. Негизи эле Кыргыз саясатчылары өткөндү бат унутуп кетүү мүнөзүнө ээ...
кошулду

