Бишкекте аялды муунтуп өлтүрүп, таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген жаран кармалды

Бишкекте аялды муунтуп өлтүрүп, таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү шаардык таштанды таштоочу жайдан муниципалдык ишкананын кызматкерлери белгисиз аялдын жансыз денесин табышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы жаран кармалды. Анын айтымы боюнча, маркум менен бирге спирт ичимдигин ичишип, уруша кетишкен. Шылдыңдап баштаганда аялды муунтуп өлтүрүп салган. Кылмыш изин жашыруу үчүн жансыз денени таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген.
Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!