super.kg logo

Айыл өкмөтү: "Үч эмдин ата-энесине үй таап жайгаштырмайынча аракетибизди токтотпойбуз"

 
"Исаевдердин үй-бүлөсү мурда агасынын үйүндө жашашчу. Ал үй авариялык абалда болгондуктан өмүргө коркунучтуу", - дейт айыл өкмөт башчысы.

"Үч эмдин ата-энесине үй таап жайгаштырмайынча аракетибизди токтотпойбуз", - деп билдирди бүгүн, 14-мартта Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенова. Анын айтымында, Капарбек Исаевдин үй-бүлөсү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Айыл өкмөт башчысы белгилегендей, 8 баланын энеси Айгүл Чотурова үч эм балдарын төрөгөндө бара турган ылайыктуу үйү жок болгондуктан 15 күн төрөт үйүндө жаткан.

"Ак-Талаанын акими, облустук өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп үчөөбүз батир таап, төрөт үйүнөн алып чыкканбыз. 19-мартта батирдин ижара мөөнөтү аяктайт. Айыл өкмөттүн муниципалдык балансында үй жок. Ак-Талаа дотацияда турган район. Учурда аким да кайрымдуу адамдарга кайрылып, бул үй-бүлөнүн турак жай маселесин чечип берүү аракеттерин көрүп жатат.Саясий партияларга, кайрымдуулук фонддорго кайрылдык, күнүмдүк керектөөлөргө жардам бергендер бар, бирок үй маселеси курч бойдон калууда", - деди Г.Учугенова.

Белгилүү болгондой, Исаевдердин үй-бүлөсү мурда агасынын үйүндө жашашчу. Ал үй авариялык абалда болгондуктан өмүргө коркунучтуу.

"Бул үй-бүлө өздөрүн толук камсыздай албай балдары да чачырап кетти. Туугандарынын үйүнө 2 баласын жиберишкен. Күйөөсү от жаккыч болуп ишке кирген, айлыгы 5 миң сом экен. Анткени менен Айгүлгө бала караганга жардамдашканга адам жок, күйөөсү жумушка кеткенде кыйналып калып жатат. Облус башчысы балдарга коляска алып берди. Түштүк тарапта үч эм төрөгөндөргө жакшы көңүл бурулуп, көп жардамдар берилет. Алардын потенциалы жогору деп билем. Биз бул үй-бүлөгө жардам көрсөтө ала турган кайрымдуу жарандарды издеп жатабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады айыл өкмөт башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Айыл окмоту озун пиар кылбай эле койсо болмок озу бийликте туруп алып суйлогон сузун ананда туштук тарап деп болуп айтканы туура эмес деп эсептейм !
14.03.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
kamchatka,создун маанисине карап анан ойунарды жасанар не озунан туштук деген соз чыкса эле болгон болобу мен туштуктон болом озум эч кандай болгонун коргон жокмун бул жерде
15.03.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмотубуз болбогон жакка акча жумшашат тош белги алганга тендер жарыялайбы кол саат алабыз дейби ушундай уй булону коруп эли ушундай кыйынчылыкта болсо кантип ошол тош белгини кол саатты тагып журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: