super.kg logo

Сузак районунда жер көчкү турак үйлөргө коркунуч жаратууда (фото)

 

13-март күнү саат 08:00 чамасында Сузак районунун Соку-Таш айылындагы адырда жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг департаментинин башкы адиси аталган жерге барышып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада адырда эки жеринен жер көчкү сүрүлгөндүгү аныкталган. Биринчи жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 84 миң метр куб, экинчи жер көчкүнүн көлөмү 480 миң метр кубду түзөт. Жакын жайгашкан 10 турак жайга кооптуу абал жаралган, анын ичинен 2 турак жайга болжол менен 250 метр аралык калган.

"Жакын аралыкта жайгашкан 2 турак жай мыйзамсыз түрдө курулгандыгы аныкталып, калган 8 турак жайдын ээлери 1994-жылы мамлекет тарабынан жер тилкелерин жана ссудаларды алышкан. Бирок, тилекке каршы, ушул күнгө чейин кооптуу аймакта жашап келишет. Адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу максатында Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысына жана Соку-Таш айылынын айыл башчысына кооптуу аймакта жашаган адамдарды башка коопсуз жерге көчүрүп чыгаруу боюнча эскертүү берилди", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу болгон ээ адашпасам?Элдерди Кудай сактай кор!
ekaterinburg түзөттү 2017-03-14 10:38:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: