super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Англия чемпиону “Лестер” “Севильяны” кабыл алат, “Ювентус” “Порту” менен ойнойт

 

15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери уланат. Анда Англия чемпиону өз үйүндө испандык “Севильяны” кабыл алат. Ал эми Турин шаарында жергиликтүү “Ювентус” португалиялык “Порту” менен күч сынашат.

"Лестер" (Англия) - "Севилья" (Испания)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:2

Стадион: Лестер шаары, "Кинг Пауэр” стадиону.

Калыс: Даниэло Орсато (Италия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).

Өткөн сезондун башкы каарманы “Лестер” учурда сыноолорго туруштук берүү сынагынан өтүп жатат. Чемпион болдуңбу, демек, чемпиондорго болгон басымды сезе билүү керектигин “Лестер” футболчулары жон терилери менен сезип жаткан убагы. Февраль айынын соңунда жомокту уюштурган башкы машыктыруучу Клаудио Раньерини кызматтан бошотулган. Кызыгы, андан кийин “Лестер” упай топтоого белсенип, Англия премьер-лигасында 27-турдан кийин 15-орунда көтөрүлдү. “Севилья” менен конокто, татыктуу 1:2 эсебинде гана утулганга жол берди. Бул эсеп өз үйүндө ойногон “түлкүлөр” үчүн өтө кооптуу эмес. Анткени 1:0 эсебиндеги жеңиш “Лестерди” чейрек финалга алып барат. Бирок буга Хорхе Сампаоли баш болгон “Севилья” жөн жерден жол бербейт.

"Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:0

Стадион: Турин шаары, "Ювентус” стадиону.

Калыс: Овидиу Алин Хэцеган (Румыния)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).

Италиянын чемпиону “Ювентус” конокто “Портуну” 2:0 эсебинде жеңип, бир буту менен чейрек финалга кадам шилтеген. “Порту” үчүн Туринде 2 гол айырмачылыкты жоюу татаал иш болуусу айтпаса да белгилүү. Бирок, футболдо ири эсепте утулсаң да, бардыгы өз колуңда экендигин “Барселона” көрсөттү. Аталган оюн “Порту” футболчуларын шыктандырбай койбойт. Демек, Андре Силва баштаган “ажыдаарлар” чабуулга ыктап ойнойт. Буга Гонсало Игуаин менен Паоло Дибала кандай жооп берет болду экен..?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.03.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Лестер сити чемпион буюрса
14.03.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лестерде шанс бар 1/4финалга чыкканга
14.03.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ювентус алга гансалестен гол кутом
14.03.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
лестер менен Севильянын оюну кызыйт.а Ювентус уверен.жеке оюм
14.03.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Севилья менен Ювентус чыгат 1/4 ко
14.03.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,экоосунун бироосу чыгат экоо тен чыга албайт 1/4ко
14.03.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лестер2:0Севилья.Ювентус 4:1 Порту барибир Игуаин гол киргизет
14.03.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Higuain9009,кайсы 2-0 билбей жаза бербечи 2-1 болгон эгер севилья бир ничья оюнду бутурсо чыгат группадан
elmurat.kg түзөттү 2017-03-14 17:41:04
14.03.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Лестерге болееть етчумун Раньерини иштен бошотуп жибергенден кийин аларга анча болееть етпей калдым.Лестердин президенти туура емес кылды.Мейли еми кантсе да лестерге ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: