super.kg logo

Кочкордо Орто-Токой суу сактагычында уруксатсыз балык уулагандардын 3 кайыгын мамлекеттин менчигине өткөрүү аракети көрүлүүдө

 

Кочкор районунун Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кабарлады.

"3 жаран эч кандай уруксат кагаздары жок сига балыктарын ташып, 2 жөнөкөй жана 1 моторлуу кайык, торлору менен мыйзамсыз балык уулагандары аныкталды. Алардын экөө Арзыкул Мааразыков жана Чоро Саадабаев Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылынын тургундары. Ал эми бирөө Кубатбек Боктоканов Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну. Жеринде аталган жарандарга карата тийиштүү протоколдор толтурулуп, жаратылышка келтирилген чыгашасы үчүн жалпысынан 36360 сом доо коюлуп, бүгүнкү күндө толугу менен мамлекеттин эсебине өндүрүлдү", - деп жазылат инспекциянын маалыматында.

Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын адистери 2 жөнөкөй жана 1 моторлуу кайыкты Мамлекеттин эсебине конфискациялоо боюнча сотко кайрылышканы маалым болду.

Эске сала кетсек, көлдөрдө балыктардын санынын азайып бара жаткандыгына байланыштуу, тор салууга жана уруксатсыз балык кармоого тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: