super.kg logo

Нарында мал белгисиз оорудан улам өлүп жатканы айтылууда

 

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында тургундардын жаш козу, эчкилери белгисиз ылаңдан улам өлүп жатканын бүгүн, 14-мартта аталган айылдын жашоочусу Батырбек Бекботоев билдирди. Бекботоевдин билдирүүсүндө, ылаң аз убакыт ичинде жайылып, айылда 20дан ашуун кой, козу өлгөн. Мындан тышкары уйлары өлгөн тургундар да бар.

"Менин сүт багытындагы чоң 2 уюм өлдү. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү өткөн жылдын ноябрь айында өткөрүшкөн. Ага карабастан оору жайылууда, айыл өкмөттөн, айыл өкмөттөгү мал доктурлардан эч кандай тийиштүү иш-аракеттер көрүлгөн жок. Мал доктурлар эмне оору экенин билишпейт. Негизи эле биздин мал-жандыкка эч кандай дары-дармектер келбейт. Мал доктурлар ар бир малга ийне сайганда 15 сомдон алат. Бул оорунун айынан мен 90 миң сомдой зыянга учурап жатам", - деди Б.Бекботоев.

Бул боюнча айылдагы мал доктурга кайрылып, оорунун белгилери тууралуу сурадык. Мал доктур Жумабек Колхозбеков оору башка аймактардагы мал базардан алынып келинген малдар аркылуу жугушу мүмкүн экенин айтат.

"Биз башында малдар шарп илдети менен ооруп жатат деп ойлодук. Бирок белгилери башкача, ооругандай белги бербей, бир аз аксап басып эле мүрт кетип жатат. Чоң койлор бир аз туруштук берет экен, козулар көп өлүүдө. Учурда хлор менен дезинфекциялоо аракеттери жүрүп жатат. Нарындагы лаборатория дартты аныктай албагандыктан, Бишкекке жөнөттүк. Эми малдын дарты аныкталат", - дейт Жумабек Колхозбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкекте деле аныктай албайт
14.03.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марганцовка менен жуугула туягыны. Эркек баланвн сийдиги менен жуугула. Кайтып кетет.
15.03.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинде инфекция бар же вирус жукса керек...анализге берип антибиотиктер менен дарылап коргуло...откондо индиядан малдардын вирустары жонундо видео кордум эле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: