Парламент: Тескей Ала-Тоодогу белгисиз чокуга Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымы ыйгарылат
Ысык-Көл облусундагы Тескей Ала-Тоодогу белгисиз чокуга Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу 14-мартта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын Регламенти боюнча комитети Ысык-Көл аймагындагы аты жок чокуга Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесин дароо эле үч окууда жактырды.
"Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тескей Ала-Тоо тоо кыркасындагы бул чоку 4142 метр бийиктигинде жайгашкан. Ага Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесине бардык парламенттик фракциялар макулдук берген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Баатыр имиш дагы ошолор