super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Швабраны микрофон кылып алып, мигранттардын тагдырын сүрөттөп ырдаган мектеп окуучусу

 

"Элдик видео" бөлүмүнө "Мектеп окуучулары кыргыз мигранттары жөнүндө ыр ырдашты" деген видео жүктөлдү (ник: Ardak777).

Видеодо жогорку класстын 3 окуучусу класстын ичинде шыпыргы, калак, швабраны музыкалык инструменттин ордуна кармап алышып, ырдашат. Ырдын мазмунунда азыркы Кыргыз жарандарынын Орусияда иштеп жүргөн күндөрү сүрөттөлөт. Ортодогу швабраны микрофон кылып ырдап жаткан баланын ырында 19га жаңы толуп, дароо Москвага жөнөгөнү, айына 16 миң рубль алып, ар ай сайын айылга акча салып турганы, акча чогулта албай, туулган жерине кете албай жүргөнү айтылат.

Неге келдим Москвага темселеп,

Жүрө бербей айылда эле эркелеп.

Мейли бирок, бул жашоону көрөлү,

Ата-эненин баркын билип жүрөлү.

Класста башка окуучулар жок. Мындан улам балдар сабактын аягында классты жууп-тазалоо нөөмөтүнө калып ырдашкан деген ойдо каласың. Ырда дагы эмнелер жөнүндө айтыларын угуу үчүн МЕДИА-ПОРТАЛ бөлүмүнө өтүңүз.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
булар музыканы койуп даярданганго менимче ошол ырга бир кечеде ырдайбыз деп
14.03.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ыр менин доумдун ыры автор Доолат токоев Кандаванын жигити азамат тиги жигиттер жон эле фонограмма кылыптыр
15.03.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы балдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: