super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "Ибраимовдун доо арызынын негизинде Текебаевге чыгарылган чечим негизсиз, шаардык сотко кайрылабыз"

 

Кечээ, 13-март күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовдун депутат Өмүрбек Текебаевге каршы доо арызын карап, шаар мэринин пайдасына 1 миллион сом төлөө чечимин чыгарды. Эл өкүлүнүн жактоочусу Канатбек Азиз чечим негизсиз чыгарылганын айтып, 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте кайрылышарын билдирди.

"Сот жоопкердин, жактоочулардын катышуусуз чечим чыгарды. Айыпталуучу тараптан жарыш сөзгө эч ким чыккан жок. Өмүрбек Текебаевди сотко катыштыруу өтүнүчүбүз дагы канааттандырылган жок. Биз депутаттын укугун анын катышуусунда гана коргоого укуктуубуз", - дейт Канатбек Азиз.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Өмүрбек Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Албек Ибраимов "депутат Өмүрбек Текебаев жалган маалыматтарды таратты" деп аны сотко берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: