КҮНСЕРЕП: Саляновага салынган сыйыртмак кысылып баратат
Бүгүн, 14-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Боинг учагы кулап түшкөн аймактын тургундары митингге чыгышты. Алар бийликтен башка жакка көчүрүүнү же жашап жаткан аймагына айыл макамын берүүнү талап кылышууда. Тургундарды “эмне үчүн өкмөт элден чогулган акчаны таратып бербей жатат?” деген суроо да кызыктырып жатат. Жоопторго келсек, өкмөт сөз болгон акча жакын арада таратыларын билдирди. Бирок “баланчанчы күнү” деген так жооп болбоду. Бирдиктүү эсепке кимдер, канча акча которушту, калк которгон каражаттын ар бир сому эсепке алынып жатабы, жокпу? Бул маалыматты өкмөт, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкүгө дейре ачыкка чыгарбай, табышмак бойдон калтырып, коомчулуктун соболдору жоопсуз калууда. Ал эми тургундарды башка жакка көчүрүү талабы боюнча митингге келген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Бактыбек Кудайбергенов “жер жок” деди. Анын айтымында, дубанда трансформация болгон, үй курууга жана элди көчүрүп барууга даяр жер тилкелер жок. Губернатордун сөзүнө таянсак, Боинг учагы кулап түшкөн аймактагы 400дөн ашуун жер тилкесинде 7 миңдей адам жашайт. Эгерде 7 миңдей адамды 400 түтүнгө бөлө келсек ар бир түтүнгө 17-18 адам туура келет. Алдыда компенсация маселеси турганда бул сан, албетте, шек жаратат.
Боинг учагы кулап түшкөн аймакка айыл макамын берүүгө келсек, өлкө боюнча 70 миңден ашуун үй-бүлө дачаларда жашайт. Айыл макамы жок андай аймактар оорукана, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер менен камсыз болгон эмес, коомдук транспорт дээрлик каттабайт жана тургундары да каттоого алынбайт. Авиакырсык катталган жай боюнча окуя болгон 16-январдан тарта эле мыйзамдуулук маселеси суроо жаратып, керек болсо, аткаминерлер ал жердин аталышын түрдүүчө атап, элди кошо адаштырышкан. Курулуш башкармалыгынын дачалары жайгашкан аймак документтерде “Аэрофлот” дачалар жайгашкан бакча шериктештиги деп 1986-жылы катталган. 20 гектардан турган аянт “Манас” аэропортунун батышында жайгашып, Боинг учагы кулап түшкөндө 12 үй толугу менен жарактан чыкса, 18и жарым-жартылай бузулган. Облус башчысынын айтымында, дал ушул үстүндө үйү жок калган кырсыктын жабыркоочуларына турак жай берүү маселеси чечилип жатат. Бул аралыкта 13-мартка карата бирдиктүү эсепке которулган акчанын суммасы 96 миллион 208 миң сомдон ашты деген маалымат берилди. Түрк тараптан компенсация төлөнүп берилеби, жокпу, төлөнсө көлөмү канча болот, качан берилет деген суроолор жоопсуз. Митингге чыккан жабырлануучулар койгон талаптарын аткарууга 10 күн беришип, эгерде аткарылбаса, айрым тургундар “өзүмдү өрттөйм” дегенге чейин барышууда...
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын мүлкү конфискацияга алынып, өзү 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал кечээ УКМКга сурак берүү үчүн экинчи ирет чакырылып, ведомство депутатка карата расмий түрдө күнөө койду. Жактоочусунун айтымында, Аида Саляновага чек арадан чыгууга тергөөчү тыюу салды. Эске салсак, Аида Салянова Юстиция министри болуп турганда 2010-жылы 28-июнда Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын жаңыртып берген деп айыпталууда. Кылмыш иши өткөн жылдын аягында Башкы прокуратура тарабынан “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде козголгон. Буга чейин интернетке юстиция министрлигин жетектеп турган 2 башчынын телефондогу сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган эле. Анда Аида Салянова менен Жылдыз Мамбеталиева аталган лицензиянын узартылышы тууралуу сүйлөшүп, экөө тең бул иште кылмыш курамы жок дешкен. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп иштешкен бул эки айымдан УКМК менен Башкы прокуратуранын пикири кескин айырмаланууда.
Президент Алмазбек Атамбаев “Аида Салянова башкы прокурорлуктан кетет” деген кептер талкууга алынып жатканда ага байланыштуу “мен өлкөгө Салянова сыяктуу президенттин келишин каалайм” деп мактап, II даражадагы «Манас» орденин тапшырган жайы бар. Кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган, бирок азырынча камакка алына элек экинчи “ата мекенчи” депутат бул ыргакта бара берсе, президенттик жарышка талапкер катары катыша албайт...
Эркин жалпыга маалымдоо каражаттары менен бийликтин соттошууга чейин жеткен тирешүүсүндө Журналисттер союзунун төрагасы үн катты. Өлкөдөгү медиа чөйрө үчүн анын билдирүү таратуусу жаңылык болду. Анткени журналисттер коомчулугунун басымдуу бөлүгү Журналисттер союзу деген мекеме бар экенин деле унутуп калышкан. Мына эми ошол бирикменин Абдыкадыр Султанбаев аттуу башчысы жалпы жонунан маңызы “ушак жазбагыла” деген кайрылуусун журналисттерге жолдоду. “Саясатчынын прессага арыздануусу кеме капитанынын деңизге арыздануусу менен барабар” деп коюшат. Журналистика коомдо күзгү сыңары жашообузда эмне иштер болуп жатса, анын чагылуусу. Күзгүдөгү түрүбүз суук болуп калып жатат деп күзгүгө таарынууга болобу?..
Өмүрбек Текебаев Албек Ибраимовдон утулду. Жеңилүүнүн баасы 1 миллион сом. Бишкек шаарынын мэри Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидерин жалган маалымат таратты деп сотко берип, моралдык зыян үчүн 1 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Бул ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин катышуусу жок эле карап, доо арыз менен кайрылган Албек Ибраимовдун пайдасына 1 миллион сом төлөө чечимин чыгарды. Ал эми сотко берүүгө негиз болгон маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу төгүндөө өтүнүчү судья тарабынан канааттандырылган жок. Маалымат президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу болчу. Депутат президенттин үйү жайгашкан жер тилкени алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары шаар башчысын айыптаган эле. Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары райондук соттун чечими менен макул эмес. Алар Бишкек шаардык сотуна кайрылмакчы болушууда...
кошулду

