super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-МАРТ: 23 жыл мурун атактуу обончу, акын, комузчу Жумамүдүн Шералиев көз жумган

 

Мындан 23 жыл мурун, 1994-жылы 15-мартта обончу, акын Жумамүдүн Шералиев 79 жашында оорудан улам көз жумган.

Ал 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райондук аткаруу комитетинде катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз", "Түшүмдө" жана башкалар. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылып, Ардак Белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган.

15-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: