super.kg logo

Бишкекте эки жаштагы баланы уурдап, ал үчүн акча талап кылган кыз 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

 

Бишкекте эки жаштагы баланы уурдап, ал үчүн акча талап кылган кыз 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. Ага ылайык, 1997-жылы туулган Н. кызы М. Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" жана "адам уурдоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Жазасын аялдар абагында өтөйт. Өкүмгө нааразы болгон тарап 10 күндүн ичинде апелляциялык тартипте Бишкек шаардык сотуна арызданууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 14-сентябрь күнү "Дордой" базарында болгон. Анда Н. кызы М. жабырлануучу Н. кызы Ннын уюлдук телефонун сурап, бирөөгө чалган. Бирок ал көпкө сүйлөшүп туруп алгандыктан, жабырлануучу 2 жаштагы баласын Н. кызы Мга карап туруусун өтүнүп, памперс алганы базарга кирип кеткен. Кайра чыккан учурда баласын, телефон менен сүйлөшүп турган кызды да таппай калган. Кыздагы өзүнүн телефонуна чалган учурда "Балаңды алам десең 1000 сомго бирдик сал жана жаныңа дагы акча салып ал" деген. Ошол эле күнү "Ош базарынан" такси менен келип, баланы берип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
15.03.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кичине акча учун ушул ишке барып,жыйынтыгы бул.Артын эмнеге ойлободун дейм да.ушунчалык кыска ойго алдырып,женил оокат табуу жакшы иш эмес.Жаштайында жайрапсын эми.Он жыл аз убакытпы.
15.03.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам уурдоону кинодон корчу элек бул кыз ойлонбой кантип ошол жолго барды экен 10000 минге 10 жыл камакта жакшы кылыптыр бул иши ишке ашса даагы кылмак байып кетейин деп тем более 17 жашта апасынын сутун ээмип олтура бербейби
15.03.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соттор бааоына бирдей караса 10000ге 10 жыл берип атат чондор жеп урдагандарга зорго 2 жыл берип атышат ко милийондогон акчаларды уурдап атсада
15.03.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kai42444,10000мин да эмес экен жон эле мин сом учун бироонун айдай баласын урдаптыр жазасын алыш керек 10жыл жакшы эле бериптир
15.03.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
10жыл коп дейсинерда он жыл аз комент жазгандар баласы жокторго. Эки минута баланы издеп корчу кандай болот экенсин.энесинде да куноо памперс алып келем деп бей таныш бироого баласын таштаган.
15.03.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bul kyz murda oturup chykkan da, al jaktyn jawoosuna konup kalgan. kaira turmogo kiriw u4un ele ataiylap jasady da
15.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жылдан кийин деле ошол ишти кылат да ошого окшогон нерселерди омур боюга бербейби
15.03.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча адамдын тубуно жете турган болду го. Акча учун адамдык сапаттардын баарын унутуп кала турган болдук. Пулун болсо кулунмун деген заман.
15.03.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.Л.М.Н.П.Р.С.Т. АТЫ ЖОНУ БАРБЫ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: