super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар сөз эркиндиги тууралуу талкууну күн тартибине киргизүүнү талкуулашты

 

Бүгүн, 15-мартта парламентте "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндиги тууралуу талкууну күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

"Күн тартибине коюп талкуулайлы. Адилеттүү болобуз деп элден келип ант берген адамдар отурабыз", - деди Шыкмаматов.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков күн тартибине киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги чектен чыгып баратат. Сөз эркиндиги болгон жерде жоопкерчилик болуш керек. Чектөөнү чектөө катары кабыл алып жатабыз. Сөз эркиндиги элге таандык болуш керек. Азыркы учурда байларга таандык болууда", - деди Момбеков.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз бийликте турган адамды коргогон кишилер көп боло турганын айтты.

"Мүмкүн ошол бийликтен жабыр тарткандарды да карап көрүш керектир. Президент биздин колдоого муктаж эмес. Анын эр-азаматтары бар. Бизсиз деле коргоп алат. Ушул маселени талкуулап алалы", - деди Садык Шер-Нияз.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов: "Депутаттар улуу трибунадан чыгып сүйлөөрдө жоопкерчиликти сезсе. Бизде сотко берген депутаттар бар. Алар биз сүйлөгөн сөзүбүзгө жооп бербейбиз деп жатат. Депутаттар жооп бербесе, ким жооп берет? Ушак таратпай, далилдер менен сүйлөйлү", - деди ал.

Жыйынтыгында сөз эркиндиги боюнча маселе күн тартибине киргизилген жок. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов бул маселе боюнча тийиштүү комитетке жөнөтүлө турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: