super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Лестер” жомогун улантат

 

15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери уланды. Анда Англия чемпиону өз үйүндө испандык “Севильяны” кабыл алса, Турин шаарында жергиликтүү “Ювентус” португалиялык “Порту” менен күч сынашты.

"Лестер" (Англия) - "Севилья" (Испания) – 2:0

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:2

Голдор: Морган (27-мүнөттө), Олбрайтон (54-мүнөттө)

“Лестер” жомогу. 2-серия. Англия чемпиондугун сенсациялуу түрдө жеңип алган “Лестердин” жомогу азырынча бүтө элек. Быйылкы сезондо ар түрдүү сыноолорго туш болуп жатса да, Чемпиондор Лигасында чейрек финалга бет алышты. “Севилья” менен болгон беттеште көпчүлүк испандык клубдун мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлогон. “Лестер” “Кинг Пауэр” стадионунда өзгөчө футболду тартуулай ала турганын дагы бир ирет көргөздү. Аталган оюндун 1-таймында команда капитаны Уэс Морган эсепти ачты.

Испандык клуб чабуулга өтүп жатканы менен дарбазага таамай боло алышкан жок. 2-таймда Марк Олбрайтон эсепти 2:0 кылганга жетишти. 80-мүнөттө “Севилья” Витолонун жардамы менен пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк ала алды.

Бирок кезинде “МЮнун” айтылуу дарбазачысы Петер Шмейхелдин уулу Каспер Нзонзинин соккусун тосту. “Түлкүлөр” сенсация жаратуудан тажаша элек. "Лестер" чейрек финалда.

"Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия) – 1:0

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:0

Гол: Дибала (42-мүнөттө)

Италиянын чемпиону “Ювентус” өз үйүндө “Португа” бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Конокто 2:0 эсебинде жеңип келген туриндиктер өздөрүнө ишенип, оюн алып барды. Анын жыйынтыгында Игуаиндин соккусун колу менен тоскон Макси Перрейра кызыл кагаз менен кошо пенальти алып келди. Паоло Дибала айып соккудан таамай болду. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөргөн жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
15.03.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр АПЛда жомокту уланты эле,
Эми ЛЧдо уланышы мумкунбу аа, 1/4 то Лестер учун бардыгы кыйын болот деп жатат. Бирок футболдо ар нерсе болуп кетиши мумкун.
15.03.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ииии бетим Севилья
15.03.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лестер молодцы!
15.03.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Севильяга 3 жыл ото зор жыл болду быйыл болбой калды го англия чемпиону менен Европа чемпионун ыргыттыго
Dybala. түзөттү 2017-03-15 10:57:32
15.03.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лестер чемпиондор лигасын утса ажеб эмес. Лестердин колунан келе турган иш
15.03.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лестер чемпион болсо жакшы эле дагы бир жолу дуйно жузуно акча коп нерсени чечпесин далилдемек.
15.03.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лестер эми точно ыргыйт
1/4кө жалан танкалар отту
15.03.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lion.,досум топ тоголок балким 1/2 финалга чейин да барышы мумкун
15.03.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lion.,эн туура.менин оюм да ошондой
15.03.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дибала касильясты катуу алдады.алга Ювентус
15.03.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Реал чемпион болотко быйылда
15.03.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лестерге болееть еттим еле молодцы. Еми мындан кийин кыйын болот бул жакта.Бирок бир пешенеси болуп Ман-ситиге тушуп калса катуу аракет кылып 1/4 ко чейин жетсе Лестер учун чон жетишкендик. Анан Аллах насип кылып быйылда Реал чемпион болуп калса.
15.03.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kanybek121195,менимче лестерге эч нерсе калбады уже.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: