super.kg logo

Бишкекте 92 жаштагы ардагердин колу-бутун таңып, ири суммадагы акчасын, орден, медалдарын алып кеткендер кармалды

 

Бишкекте 92 жаштагы ардагердин колу-бутун таңып, ири суммадагы акчасын, орден, медалдарын алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 45 жаштагы тургуну Л.В. жана Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Н. кармалды. Алардын жашаган жерин текшерүү учурунда ардагерге таандык 90 миң сом, бир планшет, 24 орден жана медалдар, куртка, жайкы бут кийим табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Эгерде ким сүрөттөгү адамдардан жабыркаган болсо, 0553 21-00-01 же 102ге кайрылса болот.

Айта кетсек, 13-март күнү саат 11:42 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 92 жаштагы Леонид Тузовго кол салуу болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз аял эшигин каккылап, боюнда бар экенин айтып, ажатканага кирип алууну суранган. Эшикти ачкан соң аны менен кошо дагы бир аял кирип, ардагердин колу-бутун таңып, 182 миң сом акчасын, мамлекеттик сыйлыктарын алып кетишкен.

Ардагер ал акчаларды жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чогултуп жүргөн.

Леонид Тузов 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1951-жылдан тарта Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Физика-математика илимдеринин профессору. Бир катар мамлекеттик ордендер, медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
15.03.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
planwet arkyluu karmap alyptyr da
15.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Уурунун орду турмо"-деди беле бироолор. Табаа эмес тообо. Эми элибизге хидаят берсин Кудайым
15.03.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Милицияга ракмат. Ушундай каракчыларды кармап мактансанар ишеничке киресинер. Ийгилик милицияга.
15.03.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өндөрү эле айтып турат кылмышкер экенин.Тузов аксакалды туздашкан экен да.Эми буларды турмөнүн төрүнөн орун бериш керек.
15.03.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алсыздыгынан пайдаланышкан турбайбы ,шайтандар!Колунарды кессе да аздык кылат силердин.Бечара киши оюна жаман албай ачты да.Уурунун к....У кууш дейт.Артын ойлобойсунарбы,кыныр иш азыркы заманда 40 жыл эмес,40 минутада эле...
15.03.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ колу бутунар таза экен арам Акча эмес адал таппайсынарбы...
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-15 12:12:44
15.03.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz_1010, baltabai, этика нормаларын сактаңыздар! Оозеки эскертүү!
15.03.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Олум жазасын киргизиш керек. Байкуш карыянын алсыздыгын пайдаланышканын,кебетелеринде эле жатпайбы. Тобоо кундо эле жанылыктарда талап тоноо жонундо болуп калды го. Ушундай жанылыктарды угуп алып коркуп калат экенсин,деги жакындарыбыз тынч болсо экен деп.
15.03.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цыгандар экен булардан ар нерсе кутсо болот

15.03.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирок 90мин сом табылды дегенине ишенбейм.баарыбир гарантия берем.андан коп эле.жанына керектуусун алды да калганын показуха кылышты менттер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: