super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун иши боюнча түзүлгөн комиссиянын иликтөө мөөнөтүн узартуу маселеси каралды

 

Бүгүн, 15-мартта парламентте Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн комиссия мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланды. Мындай сунушту "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары киргизди.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков: "Аида Жеңишбековна боюнча депутаттык комиссия 8-февралда түзүлгөн. 1 айлык мөөнөт менен өтүп кетти. Кантип узартабыз? Мен бул комиссиянын мүчөсүмүн бир дагы чогулган жокпуз. Мөөнөттү узартуунун кереги жок", - деди Момбеков.

"Ата Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов маселени добушка коюп, ар ким өзү чечиш керек экенин айтты.

"Майда маселер боюнча жайнатып түзүп уламдан-улам узартып жатабыз. Ал эми бул боюнча узартпайбыз деп жатасыздар. Мейли эми өзүңөр чечесиңер", - деди Шыкмаматов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов комиссиянын төрагасы эмнеге мөөнөтүн узартып жаткандыгы тууралуу түшүндүрүп берүүсү керек экенин билдирди.

"Кулаган учактагы жүк боюнча комиссия түзүлгөн. Ошонун тегереги интригага айланып жатат. Жүрө беребизби? Комиссия төрагаларынын иштөөсү зарыл. Бул маселени добушка коёлу, каршы эмеспиз", - деди Бабанов.

Талкуунун жыйынтыгында бул боюнча добушка коюула турганы белгилүү болду.

Эске салсак, 1-мартта Аида Салянова боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун ишин дагы карай турган болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: