super.kg logo

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2017-жылы 204 миллион сом каралды

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында тил комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 141 даана тилди өнүктүрүүгө багытталган адабияттар, сөздүк китептер жарык көргөнүн айтты.

"Учурда мамлекеттик тилди үйрөнүүдө онлайн машыгуу программасы иштеп жатат. Бул программага мамлекеттик кызматкерлер кирип жатышат. Мындан ары 1-жолу милдеттүү түрдө аспирантура жана башка илим жактагандар мамлекеттик тилден сынак тапшырышат. Бүгүнкү күндө 141 даана тилди өнүктүрүүгө багытталган адабияттар, сөздүк китептер жарык көрдү", - деп билдирди Ишекеев.

"Бишкек шаары менен Чүй облусунда сот отурумдары көбүнчө расмий тилде өтөт. Ал эми башка аймактарда кыргыз тилинде өтөт. Ал эми көчөлөргө илинген жарнамаларга, жайылтуучулар менен буйрутмачылар жоопкер болот. 2016-жылы 4568 жарнама алынып салынган", - деп билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу.

Маалымат жыйынында мамлекеттик тилге акыркы 4 жыл ичинде тилге көңүл буруу жакшырып жатканы айтылды.

"Быйыл 2017-жылы Республика боюнча тилдин абалын байкоого мониторинг жүргүзүлөт.
Улуттук программанын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2017-жылы 204 миллион сом каралган", - деп билдирди төраганын орун басары Медербек Аким уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.03.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип 204 миллион кетсин ошого баяагы эле жеп жуттарлар силерге ишенип болобу
15.03.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз мамлекети кыргыз тилин онуктурууго акча болот деген созго комментарий беришке соз жок.Улутчул болгондо болушу керек.Создун ток этер жери.Болгон акча оздору учун эле.Дагы телевидениедеги беруулор 50-50болуш керек деген кок мээлерге жинин келет 80-20болсо болбойбу.Ошондо тилге акча болбосо да болот.Ансыз да кыздарыбыз каапырларга тийип жатат,дагы кыргыздар афроамерикалык куйообалалуу болду деп жазган гезиттерди....жакшылыгын жар салган ВП.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: