Жанар Акаев: "Журналисттер маалыматты асмандан алып жазышпайт"

"Журналисттер маалыматты асмандан алып жазышпайт", - деп бүгүн, 15-мартта парламентте КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.
Ал депутатпы, журналист болобу сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчиликти кошо алып жүрүү керектигин белгиледи.
"Бир тараптуу журналисттерди каралоону токтотуш керек. Журналисттер маалымат булагына таянат. Маалымат булагы болсо саясатчылар болуп жатат. Саясатчылардын сүйлөгөнү ушак, интрига, жалган. Ошону журналисттер жазып жатышат. Эгер журналисттерди жоопко тартуу керек болсо, анда саясатчылар кошо жооп бериши керек", - деди депутат.
Эл өкүлү Кыргыз мамлекетинин Борбор Азияда мактана турган нерсеси сөз эркиндиги экендигин айтты.
"Ошондуктан сөз эркиндигине абайлап мамиле кылсак. 6 жылдан бери жакшы мамиле кылып келдик, ошол калыбыбыздан жазбасак. Эми бул жерде айрым саясатчылар диктатуралык режимди сагынып калган болсо андай болбойт. 12 жыл мурун сөз эркиндигин бууган кишини Москвага, бирөөсүн 7 жыл мурун Белорусияга жөнөткөнбүз. 7 жылда болгон нерсени унута турган болсок Шералынын чокоюндай кылып илип коюш керек. Эл кантип көтөрүлгөнүн. Саясатчылар жоопкерчиликти унутпоо зарыл", - деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндиги боюнча күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Бирок колдоо тапкан жок.
Жанар Акаев сөз эркиндиги боюнча пикирин айтты

