Кыргыз хоккейчилери Азия чакырык кубогуна каражат жоктугунан улам катышпайт

Хоккей боюнча улуттук курама команда 17-мартта старт ала турган Азия чакырык кубогуна каражат жоктугунан катышпайт. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирет.
17-марттан 23-март аралыгында Таиландда өтө турган Азия чакырык кубогуна Бириккен Араб Эмираттары, Монголия, Таиланд, Сингапур жана Малайзия өлкөлөрү катышат.
Белгилей кетсек, кыргыз хоккейчилери 2016-жылы Бишкекте өткөн Азия чакырык кубогунун 1-дивизионун жеңип, кийинки баскычка көтөрүлгөн. Ошондой эле 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында 3-дивизиондун финалына чыгып, Түркмөнстанга утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эртерек чыгарышканда коомчулука, эл чогултуп ташайт беле хоккейчилер жакшы чыгыштат деп
башка соз жок .......