super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өлкөнү кайрадан мародёрлордун колуна салып бербейли"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-мартта 5 өлкөнүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде элди сабырдуулукка үндөдү.

"Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат, болгону 8 ай калды. Тырмактай Кыргыз мамлекети эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат. Биз да декабрда алаканыбызды чаап, "аттиң" деп отуруп калбайлы. Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат, маалымат согушу. Шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, алар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей мекенибизди уурулардын, мародёрлордун колуна салып бербейли. Кыргыз мамлекети кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун! Көздү ачып, ойлоно турган мезгил келди. Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын", - деди президент.






Алмазбек Атамбаев сөз эркиндиги тууралуу пикирин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: