ЖЫЛНААМА, 15-МАРТ: "BLACK EYED PEAS" тобунун лидери, рэпер Уильям Адамс 42 жашка толду





"BLACK EYED PEAS" тобу
Ырлары көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган "BLACK EYED PEAS" тобунун лидери, Will.i.am лакап аты менен таанымал рэпер Уильям Адамс 42 жашка толду. Ал 1972-жылы 15-мартта АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Кичинекей кезинен баштап белгилүү бий түрү брейк-данс менен алектенген. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде келечектеги кесиптеши Аллен менен таанышып калып, окуусун таштап, музыка жана бий дүйнөсүнө баш-оту менен кирип кетет.
Кийинчирээк Уильям бийден да ыр жазганга көбүрөөк маани бере баштайт. Ал 2003-жылы "Where is the love" деген ырын жазат. Бул ыр ошол эле жылы популярдуу болуп чыга келет. Мунун себебин Уилл башка ырчылар сыяктуу батыш дүйнөсүн мактап, жарнамалабастан, тескерисинче, олуттуу маселелерди ачык айтканы менен байланыштырган. Ырда батыш өлкөлөрүнө таандык сүйүүсүз жашоо, баңгилик, жеңил ойлуулук сыяктуу маселелер козголгон. 2004-жылы ырчы "I am clothes" деген кийим стилин ойлоп тапкан. У.Адамс бир катар тасмаларда роль жараткан. Ырчы учурда бойдок.
15-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.