super.kg logo

Калктын аярлуу катмарына социалдык тейлөөнү жеткирүү жолдору талкууланды

 

Кыргыз Республикасындагы жардамга муктаж жарандарга - турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга, кароосуз калган карыларга, жакыр турган үй-бүлөлөргө социалдык тейлөө жеткиликтүү эмес. Буга байланыштуу өлкөнүн аймагынын 70 пайызындагы тургундардын социалдык жактан муктаждыктары канааттандырылбай келет. Мындай маселе бүгүн, 15-мартта “Социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга жеринде социалдык тейлөөнү жакшыртуу боюнча реформалар" аталышындагы тегерек столдо өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү тарабынан айтылды.

Анда Кыргыз өлкөсүнүн аймактарында жайгашкан калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды жеткирүү жолдору талкууланып, бир катар сунуштар айтылды.

"Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында стационардык жана жарым стационардык кызматтар жок. Ал эми бар жерлерде болсо негизинен донордук долбоорлор аркылуу каржыланат. Буга байланыштуу ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жетекчилигинин алдында бул тармактагы кемчиликтерди жоюу жана социалдык тейлөөлөрдүн жеткиликтүү болушунун оптималдуу үлгүлөрү иштелип чыгат" , - деди сөз башында КРнын Балдардын кызыкчылыгын жана укугун коргоо боюнча ассоциациясынын аткаруучу директору Наталья Шипп.

Эң башкы көйгөй катары ички жана тышкы миграциянын күч алышынан улам коргоого муктаж болгон балдардын саны өсүп жаткандыгы айтылды. Тегерек столдун жүрүшүндө алдыдагы реформанын концепциясы социалдык жактан коргоо боюнча эксперт Назгүл Ташбаева, Надежда Добрецова жана Ноокат Идирисов тарабынан көрсөтүлдү.

Саясатты өнүктүрүү институтунун төрайымы Надежда Добрецова өзүнүн докладында өлкөдө интернат жана жарым стационардык мекемелерди каржылоодо жеке уюмдардын каржылоосу мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат менен тең экенин белгиледи.

"Өлкөдөгү интернаттардын 65 пайызын мамлекет камсыздайт. Ошол эле учурда жарым стационардык социалдык кызматтардын 72 пайызы коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, жеке уюмдар тарабынан каржыланат. Жыйынтыгында балдарга социалдык жардам көрсөтүүдө эки тараптын тең кызматы бирдей", - дейт Н.Добрецова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылдарга гуманитарной помощь барса ошонун жакшысын болуштуруп алышат экен айыл окмот анан дежурный уй булолор алатда ошо помощту ал эми таза кыйналган уй булоолор эч качан албайт четте туруп тутойсунда маган кереги жок жетиштуу мага шугур бирок чындап кыйналган уйбулоолор намыстанып айтып тревога кылышпайтта. анданда айыл окмоттон биро менин кошунама чалыптыр сага гумпомощ жаздырам жарымын мага бересинби дееп ошондон бери ушу окмотту жек коромда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: