super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным болду, сөздүн кыскасы"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмуш кургандан кийин эмнеге таң калдыңар эле?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эжеси тааныштырганда "жерге сууга койбой", "ичпейт, чекпейт" деп аябай эле мактаган. Турмушка чыккандан кийин ал кылыктарын көрүп көпкө чейин таң калып жүрдүм".

"Күйөөмдү башында романтик эмес деп ойлогом, көрсө, атабыз өтө эле романтик экен".

"Жолдошума эмес, өзүмө таң калдым. Абдан өзгөрдүм, "тилим чыкты", базардагы аялдарга окшоп бара жатат окшойм".

"Мен турмушка чыктымбы же бала багып алдымбы деп таң калам. Эртең менен жумушка кетире албай убарамын, "тур" десем эле, "биринчи сабак дене-тарбия" деп эле кыңылдай берет".

"Мурда мынчалык камкор эмес эле, өзүнчө токтоо мүнөз көрүнчү. Апасына кадимкидей жабышып, мышыкка окшоп эркелейт, оозум ачылып калган. Анан дагы "унаамды жуу" дейт, "жок, менин апам эс тартканымдан бери атамдын унаасын жууган эмес, мен дагы жуубайм, ал эркектин иши" деп тилим тешилди. Ал "жуу" дегенин койбоду же мен жууп койбодум".

"Сөгүнгөн сөздөрдү колдонгонуна таң калгам, менин атам, инилерим андай сөздөрдү колдончу эмес. "Ушинтип тарбиясы жоктор сөгүнөт" деп алып өзүм бир "муш жеп" таң калып, аябай ыйлагам".

"Мен тааныган адам таптакыр башкача болуп чыкты. Сөгүнгөн адамды ушунчалык жек көрчү элем. Менин атам апамды сөккөнүн көргөн эмесмин да. Бирок антип жаман сөздөр менен сөгө берсе көңүлүн калып кетет экен. Азыр эч "ичим жылыбайт", муп-муздак муздай болуп тоңуп калгам".

"Келин болуп барганыңдан кийин "келин көрдү" дешип, киши үзүлбөй кошуналар, туугандар келе берет эмеспи, ошентип үйдөн 2-3 күн адам үзүлбөдү, анан 4 күн дегенде деле туугандар кире беришти, таң калдым, "бул эмнеси, качан кетишет?" деп, көрсө, кошуналарыбыздын баары туугандар экен".

"Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным болду, сөздүн кыскасы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.03.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял тилин,эркек козун тыйса эле жашоо орду мн кетеберсе керек
15.03.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sultan89,ооаа туура айтасыз айрыкча эркектер кыздарды караса жек көрөм
15.03.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казыр кыстардын суйлошуп жургон кылыктары жакпайт аял алсам быдылдап суйлоп турса эмне болот
15.03.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиргиле мен тура эмес жазып алдым окшойт
16.03.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жолдошум менен кыз жигит болгон убакта жолугушууга шоколад ала келчу, жарымын берсем алчу эмес, мен шоколад жебейм деп, анан турмуш кургандан кийин айылдан шаарга келгенде кайненем продукта салып берген ичинде 1 килограммдай шоколад бар экен эле, жолдошум ошол шоколадты эки кундо эле жеп койгон озу, ошондо тан калгам шоколадты оло жакшы короруно
16.03.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жолдошум сүйлөшүп жүргөндө кандай болсо, азыр да ошондой.....анын терс жактарын да билчим да...... бирок сүйлөшүп жүргөндө макалды көп кошуп сүйлөөчү, ошол макалдары жок азыр :)
16.03.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз кезинде баары жакшы.
жаман катын кайдан чыгат?
Жашоо ансыз деле кыска.Ошол учун ак нике менен уйлонгон жубайлар бири-бирин сыйлап жашаганга не жетсин?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: