super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-МАРТ: 103 жыл мурун көрүнүктүү кыргыз сүрөтчүсү Сабырбек Акылбеков төрөлгөн

 

Мындан 103 жыл мурун, 1914-жылдын 15-мартында кыргыздын көрүнүктүү сүрөтчүсү, Кыргыз СCРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1958) Сабырбек Акылбеков Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (1928-1932), Москвадагы "1905-жылды эскерүү" атындагы сүрөт окуу жайында (1936-1939) окуган. Адегенде Семён Чуйковдон жана Владимир Образцовдон кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Николай Крымов менен Пётр Петровичевден таалим алган. Педагогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932-1934), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында мугалим (1961-1965) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы - "Колхоздун короо кою" (1939) деп аталат. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. С.Акылбеков кыргыз сүрөт искусствосуна чебер пейзажист жана портретист катары кирген. Буга анын "Чүй өрөөнүндө", "Алыскы жайлоодо", "Колхоз корукчусу" жана башка сүрөттөрү күбө. 1952-жылы кыргыз сүрөтчүлөрү менен бирге Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү опера жана балет театрын кооздоого катышкан. "Кыргыз талааларында" (1954) деген чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгеги техника менен алмашканын чебер көрсөткөн. 1960-жылдарда сүрөтчүнүн чыгармачылыгы кемелине жетип, "97-чакырымда" (1960), "Кыргызстандын түштүгүндө" (1964), "Шаардын бир бурчу" (1964), "Туулган жерде" (1965) жана башка белгилүү пейзаждык чыгармаларын жараткан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Сабырбек Акылбеков республикабыздын дүркүрөп өскөн индустриясын чагылдырган "Завод" (1965), "Заводдук трасса" (1966) аттуу картиналарын тарткан. Чыгаан сүрөтчү 1968-жылы дүйнөдөн кайткан.

15-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: