super.kg logo

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургундары жазгы сел каптоодон кооптонушууда (фото)

 

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 3 күндөн бери өзгөчө кырдаал. Кышы бою жааган калың карды 3 күн катары менен шамал айдап, күрткүгө айлантты. Жергиликтүү тургундар үчүн күрткү ыңгайсыздык жаратып, ички чарбалык жолдор карга толуп калган.

"Жыл сайын эле быйылкыдай калың кар түшөт, көнүп деле калганбыз. Бирок быйыл какаганга муштаган болуп бороон жүрүп, кар учуруп, ого бетер калыңдатып салды. Тазалай берип тажап деле бүттүк. Үй боюндай карды чыгарып, дарбаза, эшиктердин оозун ачыш оор. Мал-жан баса албай, короодо, үйдө корголоп отурабыз. Ишке жарамдуунун баары күнү бою кар менен алышат. Кыш ортолоп калгандан кийин жылда эле айылдын айрым жерлерине унаа бара албай калат", - деди жергиликтүү тургун Улан Мокешов.

Ак-Муздун жашоочуларынын айтымында, кардан дагы жазгы сел көбүрөөк кооптондурат. У.Мокошевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгү жаз келгенде эриген кардын суусу толо тургандай кылып канал казып берген. Бирок көп көлөмдөгү кар эрисе ал каналдар дагы жанга аралжы болбой калат.

"Мындан 3-4 жыл мурун ушундай абал жаралып, короолорду суу каптап, майда жандыктарыбыз музга тоңуп өлгөн. Үйлөр авариялык абалга келип, кырсыктын кесепетин жоюу бир топ түйшүккө салган. Быйыл да ушундай кырдаалдан коркуп турабыз", - дейт жергиликтүү эл.

Белгилей кетсек, 12-март күнү түндө Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Муз айылында жана Талды-Суу айыл аймагынын Өзгөрүш айылында катуу шамал болуп, кээ бир турак үйлөрдүн короолоруна, ички көчөлөргө кар күрткүсү толуп калган. Натыйжада жергиликтүү тургундардын көчөлөргө жана короо жайларына чыгууларына кыйынчылык жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
15.03.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
карды атайын еле уйуп туруп суротко тартканго чамасы
trabzon11 түзөттү 2017-03-15 18:07:04
15.03.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
trabzon11,атайын уйуп жинди болушуптурбу? Ак муз шамалдуу айыл. Шамал болуп уйулуп калды
15.03.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
trabzon11,азырынча баласын акылы жок чаласын го
15.03.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына Нарындыктарды айткыла өздөрүнүн жанын өздөрү багып,40 градус суукта ,калың жааган каарга карабастан, эч кимге арыстанбай эле күн өткөрүп келишет. Болбосо Нарында 6 ай кыш.
15.03.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Lenovo97,туура айттын деле даттанып олдук талдык деп ечтеке айтпай еле маселелерди озулору еле чечет!жут болду бир жылы канча мал олду!карышкыр куч болтат даттанбай еле элдер озулору атып атат кар 1.5метр болду суук 40 градус болду унчукпай еле келтат элдин пейлинен айланса болот ток пейил елге кудайым берет ушунубуздан жазбайлы туугандар
15.03.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
бул кар 2ай мурунку карго
15.03.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
afina66, 3 кун тынбай жаады. 6 ай кыш болот. Жаз апрелдин аягында, майдын башында келет буюрса.
15.03.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
afina66,келбейсинби нарынга бир еле кунго ат башыга атайлап уюуп кимдин жанына куч келиптир
15.03.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым озу сактасын!Чынында Нарындыктарга данк!Чыдамкайлык сапат кучтуу...
16.03.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
даттанбайле жашап келишет аары жактагыларга караганда бирдеме болсоле плакат алп кочодого
16.03.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нарындыктарга рахмат ушунча суука чыдаган,бизде бир аз көп кар жаап койсо кандай болобуз.Атайын үйүлгөн кар мн көп жааган кардын айырмасы болот го .Сиздерге күч кубатты берсин Ат-Башылыктар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: