super.kg logo

Чолпон Султанбекова БУУнун өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүүнү талкуулады

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 15-мартта, БУУнун Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши программасынын баңгизат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык менеджери Вера Ткаченко жана программанын координатору Кун Маркверинг менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка профилактикалык иштерди жүргүзүү тууралуу сөз болду.

Вице-премьер-министр 2016-жылы Кыргыз мамлекетинде 2013-2016-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн программасын ишке ашыруу жыйынтыкталганын айтты. Мындан тышкары баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын техникалык колдоосунун негизинде, адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруудагы иш-чаралардын аткарылгандыгын анализдөө жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Өз кезинде Вера Ткаченко Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши – адамдарды сатуу, балдарга жана аялдарга карата зомбулуктар боюнча программанын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Ошондой эле программанын Кыргыз Республикасындагы кеңсеси адамдарды сатууга каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграция жана гендердик теңсиздик боюнча маселелерге техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: