Оңдоо иштерине байланыштуу эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат
"Бишкексууканал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 16-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат."Түштүк - Батыш” жана “Гагарин” суу алгычтарын оңдоо иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайков көчөлөрүндө жана Ак-Өргө конушунда, анын ичинде: Ак-Өргө, Ак-Ордо жаңы конуштарында, Ленин районунун Аскердик комиссариатында, №55-орто мектебинде, “Яшар” ЖЧКсында, Гагарин көчөсү боюнча “Бишкекжылуулукэнерго” буу казанында, жер бөлүштүрүү инститиутунда жана №5-мончодо, ошондой эле "Кока-Кола", "Тамга-Таш ЛТД" ЖЧКларында, "Лина" фирмасында, "Кыргызконьягы" ЖЧКсында, "Комбинат" ЖЧКсында таза суу берилбейт", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана суу камдап алууларын суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















