super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "Ата Мекендин" 3 депутаты боюнча комиссиянын мөөнөтү узарбай калганы талкууланды

 

Бүгүн, 16-мартта парламентте Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдордун иши боюнча депутаттык комиссиянын мөөнөтү узарбай калганы жөнүндө талкууланды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз кечээ, 15-мартта аталган маселе боюнча добуш берүү учурунда "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттарынын бири да калбай калганын айтты.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөновго: "Мөөнөттү узартуу боюнча акыркы добуш бердик.Тыныгуу жарыялагандан кийин кайра каттатыш керек болчу. Мен кайра добуш берели деп суранбайм. Асылбек Жээнбеков айткандай, кынтыксыз иш алып барыш керек", - деп кайрылды.

Төлөнов добуш берүү аяктагандан соң кийинки маселеге өтөбүз деп айтканын билдирди.

Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров фракциянын жыйыны болгонун айтты. Ошондой эле ар бир фракция өзүнө жооп берүүсү керек экенине токтолду.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин бетине көө сүйкөбөөгө чакырды.

"Кантип мөөнөтү өтүп кеткен комиссияны узартабыз. Ким чыгып кеткенин, ким качканын айтыңыздар? Мен өзүм каршы добуш бердим", - деди Момбеков.

Эске салсак, кечээ, 15-мартта парламентте аталган комиссиянын мөөнөтүн узартуу боюнча добушка коюлган. Жалпы 98 депутат катталган болсо, 55 депутат добуш берүүгө катышты. Анда 30 депутат "макул", 25и "каршы" деп добуш беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: