Нарын облусунун Ат-Башы районуна бурганактаган катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал киргизилди
Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу шамал болуп, бурганактаган кардын жаашынан улам Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Учурда Торугарт-Көк-Кыя жолдоруна кар күрткүсү түшүп, Ак-Сай өрөөнүнө баруучу жол жабылып калган.
"Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. Бирок аймакта катуу шамал кайрадан жолго кар күрткүсүн алып келүүдө. Учурда жүк ташуучу унаалар тоют жүктөп, жолдон өтө албай турушат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
barakcha
16.03.2017. 12:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атбашылыктарга Кудайым куч-кубат берип,озу сактасын!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















