super.kg logo

Германиянын каржылоосу менен Бишкекке перинаталдык борбор, Жалал-Абадга чукул медициналык бөлүм салынат

 

Бишкек шаарына заманбап перинаталдык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Канат Ирназаров бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор 10 миллион долларга курулат жана бул каражатты Германиянын өнүктүрүү банкы камсыздайт. Перинаталдык борбор Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүнүн жанына салынат.

"Бүгүн, 16-мартта Германиядан келген делегация менен министр Талантбек Батыралиев жолукту. Делегациянын катарында аталган банктын куратору Катя Поерелли да болду. Борборду куруу боюнча тендерге 10 компания катышты. 2-турда 3өө калды. Эми мыйзамга ылайык, алардын ичинен бирөө тандалат, бир жуманын ичинде министрлик долбоордун планын жөнөтөт", - дешти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул долбоор Германиянын өнүктүрүү банкы каржылап жаткан жалгыз долбоор эмес экенин баса белгилеп, Жалал-Абадга да чукул медициналык бөлүм куруларын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.03.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз качан ушинтип башка мамлекеттерди каржылаганга жетишет экенбиз э
16.03.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
briliant87,
Башканы коюп,озубузду каржылаганга качан жетишеткенбиз,корунгонго жалдырабай!
16.03.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кана эми элдер иш менен камсыз болсо талаш митинк уруш деген нерсеге колуда тийбейт беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: