super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мергенчиликке тыюу салууга багытталган баракчанын таратылышына нааразы болушту

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-мартта "2025-жылга чейин мергенчиликке тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Анын жүрүшүндө таратылган баракчалар эл өкүлдөрүнүн арасында кайчы пикирди жаратты. Баракчада мыйзамга "Макул" деп добуш бергиле деп жазылган.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылды: "Бул баракча сиздин уруксатыңыз менен таратылып берилдиби? Бул жерде дареги, эч нерсеси жок экен. Эмне үчүн таркатылып жатат. Расмий материалдар таратылыш керек. Бул депутаттарга кысым көрсөтүүбү?" - деди ал.

Чыныбай Турсунбеков аппарат аркылуу таркатылбаганын айтты.

Ошол эле учурда КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев кылмыштуу эч нерсе жок экенин билдирди.

"Жаратылышты, жаныбарларды сактайлы деген чакырык. Мунун эмнеси жаман? Бул баракчаны таратып берген адамга Жогорку Кеңештин ардак грамотасын берип койсок болот", - деди ал.

Төрага өзүм билемдик менен мындай материалдарды таратууга болбой турганына токтолду.

Жыйынтыгында "2025-жылга чейин мергенчиликке тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору добушка коюлуп өткөн жок. Жалпы 108 депутат катталып, "макул" 52, "каршы" 56 добуш берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: