super.kg logo
  Саясат  

Сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун мүлктөрүн камакка алды

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алды. Токтакунованын айтымында, камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир, жер тилкеси бар.

"Бүгүн Октябрь райондук сотунда Башкы прокуратуранын доо арыз боюнча сүйлөшүү болду. Доо арыздын негизинде менин бардык мүлктөрүм камакка алынды. Башкы прокуратура "эгер сот чечим чыгарып калса менден жана Канатбек Азизден 10 миллион сом кантип өндүрүп алабыз" деп тынчсызданып жатты эле. Эми коркпой эле койсо болот, менин мүлктөрүмдү сатуу менен, президент өзүнүн мыйзамдуу 10 миллион сомун алат", - дейт Токтакунова.

Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: