super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: 133 жыл мурун белгилүү фантастикалык чыгармалардын автору Александр Беляев төрөлгөн

 

Мындан 133 жыл мурун, 1884-жылы 16-мартта орусиялык жана советтик жазуучу, белгилүү фантастикалык чыгармалардын автору Александр Беляев Смоленск шаарында төрөлгөн. Атасынын өлүмүнөн кийин сүрөт тартып, скрипкада ойноп акча тапкан. Лицейди аяктаган соң юрист болуп иштеп, чет мамлекеттерге чыгып турган. 1914-жылы өз кесибин таштап, адабият тармагына өткөн. 35 жашында омуртканын туберкулёзунан жабыркап, 6 жыл төшөктө жатып калган.

1920-жылдары ал "Өлгөн кемелердин аралы", "Адам-амфибия" сыяктуу белгилүү эмгектерин жараткан. Андан тышкары жазуучунун "Профессор Доуэлдин башы", "Дүйнө шаасы", "Жүзүн жоготкон адам", "Ариэль" деген романдары бар. Жалпысынан анын 20дан ашык повесть, романдары, ондогон аңгеме, эссе, очерк, рецензия, сын макалалары, пьеса жана публицистикалык чыгармалары бар.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда А.Беляев душмандар курчоого алган Ленинград шаарынан кетүүдөн баш тарткан. 1942-жылы 6-январда дүйнөдөн кайткан. Орус фантастикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн аны "Орустун Жюль Верни" деп аташкан.

16-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: