super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аравандагы Төө-Моюн айылында трансформаторду тосууга бюджеттен акча каралган эмес

 

Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылындагы трансформаторду тосуу боюнча райондук тармактар ишканасына билдирүү берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына
Төө-Моюн айыл аймагынын башчысы Санжар Абдуллаев билдирди.

"Бул трансформаторду тосууга жергиликтүү эл айыл өкмөткө, депутаттарга кайрылбай туруп маалыматты порталга берип жибериптир. Буга 6-7 миң сомдой акча жумшалат. Учурда 3 миң сом элден чогулган акча бар. Биздин айыл өкмөт өзүн өзү каржылай албагандардын катарында. Бул боюнча РЭСке билдирүү беребиз. Алар айланасын тоспосо, аргасыз өзүбүз тосууга туура келет. Бирок биздин жергиликтүү бюджет бекилип калган. Трансформатордун айланасын тосууга бюджеттен акча бөлүнгөн эмес", - деп билдирди айыл аймак башчысы Абдуллаев.

Маалыматка ылайык, Төө-Моюн айылында 13 айыл бар. Эске салсак, окурман буга чейин "Элдик кабарга" "айланасы тосулбай жаткан трансформатор жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаратууда" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.03.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Бул трансформаторду тосууга жергиликтүү эл айыл өкмөткө, депутаттарга кайрылбай туруп маалыматты порталга берип жибериптир."- дегени эмнеси. Элдер айтпаса оздорунун коздору корбойбу, же трансформатордун айланасын тосуу керек экенине акылдары жетпейби?
16.03.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
.уялбай кантип айтып жатасын?качан ошо жерден адам каза болсо тососунарбы же?негизиле Тоо-Моюнда мындай айланасы тосулбаган транс.лор коп,айыл башчы иштебейт же иштешти билбейт
16.03.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи көмөкчү чордон РЭСтин балансасында болсо РЭС тосуп берүүгө милдеттү ал эми аларга карабаса баары бир тосуп бербейт экс электрик катары айтам
16.03.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нооката деле тосулбагандар кооп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: