Ош облусунда 24 жаштагы жаран "жергиликтүү тургунду бычактаган" деп шектелүүдө
Ош облусунун Кара-Суу районунда 24 жаштагы жаран "жергиликтүү тургунду бычактаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 15-март күнү саат 21:28 чамасында Кара-Суу РИИБине белгисиз адамдын көкүрөгүнө сайылган бычактан улам каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун 34 жаштагы Р.Ф. аттуу тургуну экенин такташкан.
"Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Д. кармалды. Ал маркум Р.Ф. менен уруша кетип, аны бычак менен сайып, качып кеткен. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Parish

16.03.2017. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катуу чара колдонушу керек анпесе эки адамдын бирооундо бычак журо турган болду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.