Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөгө 100 миң сом жардам берилет
Чоң-Алай районунун Жар-Баш айылында кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөгө акчалай жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Кулмырзаев билдирди.
"Чоң-Алай районундагы Мамаразак Мусаевдердин турак жайы калың жааган кардан улам 23-24-февраль күндөрү жабыркаган болчу. Алардын үй-бүлөсүнө Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 100 миң сом акчалай жардам берилет", - деп билдирди Кулмырзаев.
Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров: "Кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө камкордук көрүлүп жатат. Күн жылып баштаганда Жаш-Тилек айылындагы эки үй-бүлөнү да көчүрүү аракети башталат", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.