super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ: Бүткүл дүйнөлүк уйку күнү

 

Жыл сайын март айынын экинчи жумасында Бүткүл дүйнөлүк уйку күнү белгиленет. Бул майрам 2008-жылдын 14-мартынан баштап Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уйку жана ден соолук боюнча долбоорунун алкагында өткөрүлүп келет. Бул күнү уйкунун мааниси тууралуу жыйындар өтүп, анын бузулушу менен келип чыккан көйгөйлөрдүн коомго таасири тууралуу маалыматтар берилет.

Адистердин айтымында, туура тамактануу, жетиштүү убакытта уктоо жана күндүн режимин туура уюштуруу ден соолукка жакшы таасирин берип, узун өмүр сүрүүгө жардам берет. Орточо эсеп менен ар бир адам жашоосунун үчтөн бир бөлүгүн уктоо менен өткөрөт. Ошондой эле уйку жетишсиздиги тамашаны түшүнүү же тамашалоо сезиминин жоголушуна, түнт болууга, эс-тутумдун начарлашына жана бир катар ооруларга алып келет.

Окумуштуулардын айтымында, чоң киши суткасына 7-8 саат укташы керек. Ал эми айрым адистер аялдар эмоционалдуураак болгондуктан, аларга андан бир саат көбүрөөк уктоону сунушташат. Кичинекей балдардын идеалдуу уктоо мөөнөтү - 10 саат.

17-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: