super.kg logo

Аксы окуясын эскерүү митинги Кара-Суу айыл аймагында өтүүдө

 

Аксы окуясын эскерүү митинги Кара-Суу айыл аймагында өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына активист Нуразиз Шайырбек уулу билдирди.

"Учурда Кара-Суу районунда 100гө чукул адам Аксы окуясын эскерүү митингине келишти. Чогулган эл 15 жыл мурда болгон кандуу окуяны эскерип өз ойлорун айтып жатышат", - дейт Шайырбек уулу.

Маалыматка ылайык, митингге Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Алманбет Шыкмаматов ошондой эле укук коргоочу Турсунбек Акун жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков катышууда. Митингге келгендер Ө.Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду ошондой эле Улуттук оппозициялык кыймылдын камакка алынган мүчөлөрүн бошотулуусун талап кылган плакаттарын көтөрүп алышкан.

Эске салсак, 2002-жылы 17-мартта Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылында кандуу Аксы окуясы орун алган. Мында камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек айылдарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери 17-март күнү Боспиек айылына топтолуп, Кербен шаарын көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, 6 адам каза болуп, 80дей адам жаракат алган. 2002-жылы башталган митингчилер алгач Кара-Суу айыл аймагынан чогулуп башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: