super.kg logo

Казакстанда инсульттан каза болгон аялдын органдары 7 адамдын өмүрүн сактап калды

 

Казакстандын Актөбө шаарында инсульттан каза болгон 45 жаштагы аял 7 адамдын органдарынын донору болду. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аялдын туугандары анын өлүмүн уккан соң органдарын алууга уруксатын беришкен. Дарыгерлер анын боорун, жүрөгүн, өпкөсүн, бөйрөгүн жана көз чанактарын алышкан.

Ак халатчандар көп өтпөй бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасашып, маркум аялдын бир бөйрөгүн 36 жаштагы аялга, экинчисин 58 жаштагы эркек кишиге салышкан. Калган органдар тез арада Астанага жөнөтүлгөн.

"Актөбөдө органдарды алмаштыруу боюнча операция жасоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок көпчүлүк учурда өлгөн адамдардын жакындары анын органдарын алууга уруксат бербей, каршы чыгышат. Алар менен психологдор иштешип, органдар башка адамдардын өмүрүн сактап калат экендигин түшүндүрүшөт. Убакыттын өтүшү менен донорлук кадимкидей көрүнүш болуп калат деген үмүттөбүз", - деген оорукананын башкы хирургу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.03.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуптур.Жети адамды бул жашоого кайра алып келип.Жакындарына сабыр берсин...Олбоду,жаны башка адамда жашап жатат деп оздорун сооротушат да эми...
17.03.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эх барибир озундуку озундукуда. органдары жок комулсо байкуш. Кураанда бар экенби ушундай нерсе
17.03.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бул нерсеге каршымын андай болоорун элестете да албайм элестет өзүн өлүп калдын органдарыны шылып кесип көзүңдү оюп алып башка адамга салып атканын мүмкүн болбогон нерсе бүтүн келген соң бүтүн кетиш керек мындай күндү эч кимдин башына салбасын байкуш аялдын жаткан жери жайлуу болсун
17.03.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Badu88,Мен дагы каршымын туура айтасын
18.03.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги дуйнодо козу жок органдары жок жашайбы??значить тиги дуйно жок дешкени го..элестете албайм каршымын...
18.03.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,Тиги дуйного ошол органдары жок бармак беле биздин денебиз топурак калат топурак болуп сенин денен бул дуйнодо анан ал бойунчада хадистерди окуп коруш керек экен бирок менин ойум туура эле кылган мумкун сооп болотур Аллахтын
шыпаасыдыр ким билет
18.03.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх байкушту кордошконгоо!Акча десе азыр бар жок нерсени кылышат, мен 100 пайыз каршымын.
19.03.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам алейкум. Бул туурасында аалымыбыз Чубак ажыдан кабар алышыбыз керек экен ...
21.03.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе болбойт, жерге койгондо деле курт кумурска, жыландар жеп атпайбы, олгондон кийин адамдын жаны денеси менен байланыш узулот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: