Президент Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга 40 миң сомдон материалдык жардам берди
Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берди. Бул тууралуу 17-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сомду түздү. Өлкө башчынын буйругуна ылайык, курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине - бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.
Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында райондун борборун көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.
1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















