Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна чыгуу үчүн кыргыз футболчулары Иран, Оман жана Шри-Ланка менен ойнойт

23 жашка чейинки футболчулар арасында өтө турган Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү “А” тайпасына бөлүндү. Анда Валерий Березовскийдин шакирттери Иран, Оман жана Шри-Ланка командалары менен күч сынашат. Бул тууралуу АФКнын сайты билдирет.
Тандап алуу оюндары ушул жылдын 15-июлдан 27-июль аралыгында Бишкекте өтөт.
2018-жылы Кытайда өтө турган (23 жашка чейинки футболчулар арасындагы) Азия чемпиондугуна өз тайпасында жеңүүчү аталган жана көрсөткүчтөрү мыкты болгон 5 команда чыгат.
Оюндар жүгүртмөсү:
19-июль, 1-тур
Иран — Шри-Ланка
Оман — Кыргыз өлкөсү
21-июль, 2-тур
Шри-Ланка — Оман
Кыргыз өлкөсү — Иран
23-июль, 3-тур
Иран — Оман
Кыргыз өлкөсү — Шри-Ланка
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бишкекте 28-мартта.