16 жыл мурун Чүй облусундагы абактардын биринде жер алдынан жашыруун өтмөк казып, качып кеткен жаран кармалды

16 жыл мурун Чүй облусундагы абактардын биринде жер алдынан жашыруун өтмөк казып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда 2001-жылы сентябрь айында Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү абагында 1964-жылы туулган Анатолий Федеров башка соттолуучулар менен жер алдынан жашыруун өтмөк казышып, ал аркылуу абактан качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
Арадан көп убакыт өтпөй Анатолий Федеров 2002-жылдын январь айында Орусиянын Алтай аймагында каракчылыкка шектүү катары кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын 7-мартында ал жазасын толук өтөп бүтүп, Кыргыз Республикасына экстрадицияланган. Федеров "Манас" аэропортуна келери менен кармалып, Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилген.
Анатолий Федеров абактан качканы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал мурда өтөбөй качып кеткен 16 жылды да абакта өткөрөт.













1 |