Базар-Коргондо миңден ашуун Текебаевдин тарапташтары Аксыдан келе жаткан митингчилерди күтүшүүдө

Базар-Коргондо митингчилердин саны миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы координатору Кубатбек Артыков билдирди.
"Бүгүн эртең менен чогулган митингчилердин саны миңден ашты. Учурда Өмүрбек Текебаевдин кармалышына нааразычылык билдирип, митингге келгендердин саны көбөйүп жатат. Ошол эле учурда Ош-Бишкек жолунда 500дөй милиция кызматкерлери тартипти сактап турушат. Эл эки ирет жөө жүрүш уюштурушту. Азыр Аксыдан келе жаткан митингчилерди эл күтүп турат", - деп билдирди Артыков.
Эске салсак, буга чейин митингчилер Ө.Текебаевди бошотуу талабын коюп, жол тосуу аракетин көрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Акыркы убактардагы позициясы мени тапттакыр текебаев тарапка озгорду
Озгочо Атамбаевдин номер биринчи опозиционери болду бийликтен жалтанбаган абактан коркпогон чындыкты гана бетке айткан Адам экен