Милиционерлерди сөгүп, "терезеден секирем" деп коркуткан адам СИЗОго отургузулду. Ал 7 жылга кесилиши мүмкүн

Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн Бишкектин тургунуна карата кылмыш иши козголду, ал СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүй көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин батиринде ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Саат 20:00 чамасында милиция кызматкерлери ошол батирге барышканда, 20-25 жаштагы белгисиз адам мас абалда чыр-чатак чыгарып жатканын аныкташты. Милиционерлер аны тынчытууга аракет жасашканда, ал "терезеден секирем" деп коркутуп, сөгүнүп каршылык көрсөткөн. Мындан улам милиционерлер аны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Кармалган адамга карата "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен бейбаштык кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча ал 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери уланууда.


Жутубда видеосу журот. Кудай сактасын, откондогу уч трансвеститтин бироосу экен. Берки иши буто электе чегип алып кутуруптур, куноо озундо болуп калат. Мындайды айтып болбойт.