super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Кайберендерди коргоочуларды аңчылыкты сүйгөн депутаттар жеңди

 

Бүгүн 17-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бийликтин адилетсиздигине каршы элдик күрөштүн башталышы болгон Аксы окуясына 15 жыл толду. Бүгүн каргаша болгон Аксы районунун Боспиек айылында окуяны эскерүү иш-чарасы өтүп, ага президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Эмил Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар катышты.

Бул Сапар Исаковдун президенттик аппараттын башчысы катары маанилүү иш-чарага биринчи жолу катышуусу болду. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев окуяны Бишкектен эскерди, "Ала-Тоо" аянтында Аксы жана Апрель окуяларынын баатырларына арналып тургузулган эстеликке гүл койду. Адаттагыдай окуяга дагы бир ирет "өлкөдөгү 2 революциянын башаты" деген баа берилди. Аксы окуясы бийликтин мыйзамдарды аттап өтүп үй-бүлөлүк, кландык башкарууга өтүп кетүүсүнө кыргыздар жол бербесин көргөзгөнүн, ага карабай окуя кийинки бийликтерге сабак болбогонун айтат президент. Азыркы бийликтин аракеттеринен деле 2002-жылкы окуялар менен окшоштук издегендер көп. Тарых кайталанууда деп, бийликти далилдүү-далилсиз сындап да жатышат. 2002-жылы авторитардык режимден улам камакка алынып, кийинчерээк элдик баатырга айланган Бекназаровдун тагдыры бүгүн Текебаев, Чотонов, Асанов өӊдүү оппозиционерлердин башына түшкөнүн айткандар бар. Президент буга макул эмес, муну ал бүгүнкү кайрылуусунда да бекемдеди. Бүгүн өлкө жетекчисинин атайын жарлыгы чыкты ага ылайык, жалпы Аксы окуясында жабыркагандарга 1 миллион 320 миӊ сом бөлүнөт. Бул 15 жыл өткөнүнө карабай өлкөнүн бүтүндүгү, авторитардык режимге каршы күрөшкөн элдин эрдиги унутта эмес дегенди билдирет.

Аксы районунун Кара-Суу айылында өткөн элдик жыйында резолюция кабыл алынды. Анда "эки революция тең максаттарына жетпегени белгиленсин, "Элдик парламент" кыймылынын камактагы өкүлдөрү бошотулсун, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткара албай жаткандыктан ушул жылдын 10-апрелине чейин тарасын" деген талаптар камтылды. Боспиектеги эскерүүдө эки нерсе көпчүлүктүн көӊүлүн бурду. Биринчиси, иш-чара өткөн жерге Дүйшөнкул Чотоновду камактан бошотуу талабы жазылган лозунгдар илинди. Аксы окуясы өзү элдик күрөштүн башталышы болгонуна карабай, жергиликтүү бийлик "эскерүү иш-чарасын саясатташтырбагыла" деп лозунгдарды алдыртты. Экинчиси, оппозициялык маанайдагы саясатчы Турсунбек Акунга микрофон бербей коюшту. Муну чогулган эл дагы көрдү. Уюштуруучулар ошентип Аксы окуясын оппозиция-позициясына бирдей эмес, бийликке гана ыйгарып коюшту...

Кыргыз жеринде жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга 2025-жылга чейин тыюу салуу демилгеси Жогорку Кеӊештен колдоо тапкан жок. Долбоор 16-мартта добушка коюлуп, залда отурган 108 депутаттын 52си "макул", 56сы "каршы" добуш берди. Каршы добуш бергендердин көбү КСДП фракциясында (27 депутат). Ал эми "Кыргызстан" фракциясынан 12, "Өнүгүү-Прогресстен" 12, "Бир болдон" 5 депутат каршы добуш беришти. "Ата Мекен" менен "Республика-Ата Журттан" каршы бергендер болгон жок.

Жаныбарларды коргоо жаатында мурда-кийин болбогон жаӊыча аракет жаш 2 депутаттын аракети менен парламентке жеткен. Демилгени 2016-жылы Жанар Акаев менен Эмил Токтошев көтөрүп чыгып, мыйзам долбоору парламенттен жапырт колдоо таппай артка кайтарылган эле. Авторлор өлкөдө жапайы жандыктар кескин азайып баратканын айтышып, аӊчылыкка 2030-жылга чейин биротоло тыюу салууну, кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну да сунушташкан эле. Расмий маалыматтын гана негизинде кыргыз жеринде 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 миллион сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьердик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган. Реалдуулукта мындай фактылар эселеп көп болушу мүмкүн. Бул ирет долбоордун авторлору 2030-жылга чейин эмес, 2025-жылга чейин тыюу салууну сунушташты. Мыйзам долбоору баары бир колдоо таппады.

Аӊчылык – өлкөдөгү саналуу адамдардын кирешелүү бизнеси. Чет элдиктер үчүн аӊчылык көңүл ачуу уюштуруп, аӊчылык мекемелери ири киреше табышат. Бирок алар канчалык мыйзамдуу иштеп жатышат? Түшкөн киреше тийиштүү көлөмдө өлкө казынасына түшүп жатабы же ортодо жеке бирөөлөрдү байытып жатабы? Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Жанар Акаев аӊчылык уюштуруудан мамлекетке жарытып акча түшпөйт деди. Өлкөнүн бул бизнестен тапканына караганда жоготкону орду толгус. Эл өкүлдөрү жаратылышты эмес, саналуу адамдардын бизнесин колдоп добуш беришти көрүнөт...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: