super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Исхак Раззаковдун үй-музейиндеги көргөзмөдөн фоторепортаж

 
Бул пианино Исхак Раззаковдун кызы Элмира Исхаковнага таандык. Ал Шубин атындагы музыкалык мектептен билим алган.
Исхак Раззаковдун бөлмөсү
Исхак Раззаковдун акыркы көз айнеги
Раззаковдун иш столунун үстүнө жубайы Рауза Раззакованын ал жөнүндөгү эскерүүсү коюлган.

Бүгүн, 17-мартта партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун элесине арналган көргөзмө ачылды. Мамлекеттик ишмердин үй-музейиндеги көргөзмөгө келгендер анын эмгек жолу, өмүр баяны, иш бөлмөсү, колдонгон буюмдары менен таанышты.

Көргөзмө "Кыргыз өлкөсүнүн 1945-1960-жылдардагы өнүгүшүнө Раззаковдун кошкон салымы" аталышында өтүп, ал жерде гезиттик материалдар, сүрөттөр, токтомдордун архив кагаздары коюлган.

Исхак Раззакодун үй-музейинин имараты 1938-курулуп, 2005-жылы музей катары түзүлгөн.

"Ошол 1938-жылдан бери бул үйдө эл башкаруучулары жашаган. Анын ичинде 1950-жылдан тартып Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен жашаган. Мамлекеттик ишкердин орден-медалдары, грамота, сүрөттөрү, китептери, үй-бүлөсүнө жана өзүнө таандык көптөгөн буюмдар сакталган. Музейдин экспозициясында 1950-жылдарга таандык болгон Исхак Раззаковдун диваны да коюлган. Ошондой эле 1913-жылы Берлин шаарынан чыккан пианино ушул жерде сакталган. Бул пианино Исхак Раззаковдун кызы Элмира Исхаковнага таандык. Анткени ал Шубин атындагы музыкалык мектептен билим алган", - дейт Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин директору Арман Керимкуловна.

Анын айтымында, Исхак Раззаковдун иш бөлмөсү ошол калыбында калтырылып, столдун үстүнө жубайы Рауза Раззакованын ал жөнүндөгү эскерүүсү коюлган. Ошондой эле биринчи секретардын акыркы көз айнеги, ал колдонгон телефон, китептер, стол чырагы коюлган.

Партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Ал 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.03.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай бизге дагы Раззаковдой башкаруучу бере кор
Aruukeramazan түзөттү 2017-03-17 20:06:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: