super.kg logo

"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен каржы полициясы кетти

 

22:10. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Александр Кимдин үйүнөн кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кимдин үйүнө келишип, кечки саат 19:20да "жүрүңүз кеңсеге барып сурак бересиз" дешти. 3 сааттан бери алар менен сүйлөшүп жаттык. Алардын колдорунда камакка алууга керектүү мыйзамдуу кагаз жок экен. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ким суракка баруу тууралуу милдеттенме жазды", - деди Сасыкбаева.

21:50. Александр Кимдин кан басымы көтөрүлдү. Бул тууралуу аны текшерген Тез жардам кызматынын дарыгери тастыктады. Анын айтымында, Кимдин ден соолугу үчүн жакынкы күндөрү ага тынчтык керек.

21:30. Александр Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазды.

21:20. Кимдин үйүнө келген тергөөчү Арзыбек Жакишев андан 22-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка келүүсүн милдеттендиргени жатат.

20:35. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, эгер Александр Ким суракка баруудан баш тартса, аны күч менен алып кетерин айтышты.

20:20. Кимдин үйүнө Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, коомдук ишмер Эльмира Ибраимова келишти. Алар каржы полициясынан эмнеге Кимди алып кетүүгө келишкенин түшүндүрүүнү талап кылышууда.

20:05. Кимдин жактоочусу Сергей Воронцов келди. Аталган кызматтын өкүлү Жеңишбек Асанов Ким 6-мартта издөөгө алынганын айтты.

18:50. "Жети адам келди. Ага карата кылмыш иши козголуп издөөдө экенин айтышты. Кызматкерлер документтерин көрсөтүшкөн жок, фамилияларын дагы айтуудан баш тартышты", - дешти Кимдин туугандары.

18:40. Бүгүн, 17-мартта "Вечерний Бишкек" Жабык Акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берип Заноза жазып чыкты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматына байланышканыбызда А.Кимдин кармалышы тууралуу азырынча маалымат жок экенин билдиришти.

Айта кетсек, Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.


кошулду





"Вечерний Бишкектин" мурунку ээсин суракка алып кетүү аракети болду

Александр Кимдин үйүнө каржы полициясы келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(30)
17.03.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Комментарий жок..
17.03.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кармалдыбы же маалымат жок, издоодо журобу?
17.03.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Шашпай кармалып анан тергелип жатканда деле жарыяласа болмок экен.
17.03.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Атамбаев оппозицияга жана бийликтин созун суйлобогон ММКларга (журналисттерге) согуш жарыялап мураскерине, тем самым озунун саясатта калуусуна "жол тазалап" жатат. Атамбаевдин болжолдуу мураскери менин жеке оюмда Сапар Исаков же Икрам Илмиянов болмокчу. Атамбаев Путинге окшоп премьер-министр болууну коздоодо. Бирок Атамбаев бир нерсени унутуп жатат. Озуно канчалык ишенип Акаев, Бакиевге окшоп куч тузумдоруно оз адамдарын койгону менен, эл толкуса токтото албасын унутуп жатат!!!!
18.03.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
frunze12,Эн туура айтасын. Бакиев дагы озунун айланасына бийликке жалан гана озун колдогон адамдардын орноштурган.Оз оюнда тиш отпос тосмо кылдым деп ойлогон.Бирок толкуган элди эч ким токтото алган жок.
17.03.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Учурдагы Жогорку Кенештин депутаттары тарыхтагы эн жек корунду, рейтинги ото томон депутаттар экени жалпыга маалым. Бул депутаттардын дээрлик копчулугун бизнесмен-олигархтар тузоору да сыр эмес, демек акчасы арбын бай депутаттардын эрмеги анчылыкка чыгуу болсо, кырылып тукум курут болуу алдындагы кайберендерге АЛАР кайгырмак беле?!! Курсагы ток адамдын курсагы ач адам менен иши болчу беле демекчи, байлардан куралган депутаттардын карапайым эл менен иши жок.
17.03.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Супер-Инфо ушуга окшогон жанылыктарды жана да "Заноза" менен "Азаттыкка" байланыштуу жанылыктарды башка журналисттерге окшоп калтырап титиребей,коркпой уркпой жазганынарга рахмат.
кыргыз Алик түзөттү 2017-03-17 20:29:35
17.03.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ошол себептуу да эл кыйналып, тышка агылган мигранттардын саны жылдан жылга арбыганы, мигранттардын азаптуу тагдыры тууралуу ойлогон депутаттар озу жок. Башканы коюп 309-400 миндей кыргыз мигранты бар Москвада, мигранттар Москвадагы кыргыз элчилигинин ишмердуулугуно мин нааразы болсо да, ошол мигранттардын уну бийликке жетпеди. Демек Бакиевдин Ак-Жолуна окшоп президенттин кареги менен тен айланган Жогорку Кенешти таратуу демилгесин которгон элдин талабын мен толук колдоймун..
17.03.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Сапар Исаков премьер министр болот. С. Жээнбеков коет президентикке же Бабанов менен келишим түзөт.
18.03.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Mers124,Мына ушул уч адамдын президент болуусунан Кыргызстаныбызды Аллахым озу сактасын.
17.03.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Дагы бир кеп: Атамбаев айрым ММКларга калп маалымат таратты деп миллиондогон акчага доого жыгууда. Ошол эле учурда бийлик каржылаган КТРК, ЭлТР калп маалыматтарды таратууда, аларды доого жыккан эч ким жок. Мисалы мугалимдердин орточо айлыгы 2010-2016-жж арасында 4 эсе оскон имиш!!! 2010: 4минге жетпесе, 2016 орточо айлыктары 13мин сомдон ашкан имиш. Кудайды карап калп айтышса боло!!! 2010: 5000сом болсо, учурда мугалимдердин орточо айлыгы 8000-8500 сом. Эч кандай 13500 сом эмес!!!
frunze12 түзөттү 2017-03-17 20:54:09
17.03.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
frunze12, КТР менен ЭлТРде улуттук статистика комитетине шилтеме беруу менен чындыктан алыс маалыматтар таратылууда. Эгер аларга ишенчу болсок Кыргызстанда орточо айлык-маяна 2010-2016 арасы 2 эсе, мугалимдердин маянасы 4 эсе оскон имиш!!! Туура эмес маалымат берген жана таратканы учун улуттук статистика комитети менен КТРК, ЭоТРди эмнеге корбойт Атамбаев?!! Бир жактуу маалымат тараткан КТР менен ЭлТРди элдин эсебинен каржылагыча жаап салган эле дурус болууда...
17.03.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жөн эле шайлоо алдындагы шоу референдумга окшош
17.03.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атамбаев президент болоордун алдында ,кайсы бир газетага берген интервьюсунла айткан туруктуу мыйзам туруктуу мамлекет .Мен 2020-жылга чейин мыйзамды озгортпойм деп,кана озгортопогу? Бул бир мисал.Экинчиси менин президенттик убактым буткондо саясаттан кетем деп какшап келген эми кайра бетин табактай кылып калам деп жатат.Ойунда озум билем отугумду торго илем деп жатат окшойт шордуу...Супер инфо банга кетирип жибербесин деп коп фактыларды жазалбадым.
18.03.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Hatali.эл Атамбаевден тажады.баары тажады элди толкутуп озу кайда барат.тиги экоо качты эле.эми муну качырбай кармап,озун суракка алыш керек.ХХХ.суйлогон создорунон озун уяласын адам,тооба кылдым.акчасы менен жолун тазалап жатат.жеткен жери чыга алгыс ор болсо экен.эл толкуса жаман.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-20 10:21:35
18.03.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эки революция буга сабак болбоду Путинди туурайм деп жатат Путин ким АША ким асман менен жер өрдөккө теңелип каздын буту сыныптыр болбосо эле болду
18.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бара ьара коммент жазганды да жазага тартат окшойт
18.03.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kyrgyzstanda chyndik kalbady baary ozunun komochuno kul tartat kaysil mamlekettik organga barba baary akcha aluunun jolun oyloyt bugun tamojnyaga bardim baary document butup bankka akcha tolop kelsem. Ozdoruno akcha tilegendey kylyp juktu chigarbay koydu taanywtary bolso bir kundo tonnalap juktorun alyp chygyp ketip jatat bizge okwogon becharalar 4-5 kun degende aran alyp chigasyn
18.03.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
A biz bolso bolbogon kichine tovargo jumalap jurobuz siler jegile toygula bir kun tewip chyksyn
18.03.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олооруно жакын калганда бул кореец чалды кыйнабай эле койбоптурда. Бечара чалга алыбыз жетет деп эле финпол дагы кыйын экен.
18.03.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгерки маалдай НКВД болуп кеттиго я,кармап,камап,ун чыккан жерди баса калып жабышып....тообо
18.03.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура камаш керек куноосу болсо. Вечерний бишкекти окусан кыргыздарды 2 сорт адамдай кылып жазышат
18.03.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот кыргыз тилин онуктуройлу колдойлу деп иш чара жургузсо замат каршылык корсотуп жазып чыгышат
20.03.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adiletto, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт.
Эскертүү!
20.03.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
20.03.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
20.03.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul1987, senchi, кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган билдирүү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
20.03.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatynam_88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: