super.kg logo

Бишкектеги Орусия элчилигинин кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча сот Орусияда өтөт

 
Бишкектеги Орусия элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча 17-мартта элчиликтин расмий сайтына билдирүү жарыяланды.

Маалыматка караганда трагедиялуу жол кырсыгы боюнча Орусиянын тийиштүү органдары иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Анын негизинде кырсыктан каза болгон Е.Лексиндин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси каралат.

"Жол кырсыгынын экинчи катышуучусунун күнөөсү бар же жоктугу такталат. Ошого жараша жазаны аныктоо үчүн тергөө амалдары бүткөндөн кийин аталган иш Орусия Федерациясынын соттук инстанциясына өткөрүлүп берилет", - деп билдирет элчилик.

Эскерте кетсек, кырсык 16-февралда Бишкекте "Манас" аэропортуна кетчү жолдо болгон. Анда "Мерседестин" айдоочусу, Кыргыз жараны 62 жаштагы Евгений Лексиндин баш мээси жабыркап, ооруканадан каза болгон. Ал эми орусиялык элчиликтин кызматкери, "Тойота-Прадо" унаасынын айдоочусу Виктор Пуховдун жамбаш сөөгү сынган.

Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн.






Орусиянын элчилигинин унаасы спринтер менен кагышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
18.03.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыпкызыл болуп күйүп турганда өтүп барып сүзүп атса, ушуну көрүп туруп акталып кетсе болбой калат.
18.03.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
newman,аны эми орустар чечет. Ошолор кызыл десе кызыл, жашыл десе жашыл экен дейт биздин акылдуулар. Ошого чейин биздин кункарама бийлик эчнерсе дебейт.
18.03.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушуга чеийин ушул маселени, куноолууну чече албай эмне кылып журушот билбейсин. Айдан ачык эле корунуп турат го ким куноолу экени. Же эмне???
18.03.2017. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азыр чындык жок балык башынан сасыган...
18.03.2017. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин мыйзам озубуздукулор учун эле иштейби? Чет олкодон келгендер кылмыш кылып олкодон чыгып кетуу менен эле чектелет экен да.
18.03.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Светофор куноолу
18.03.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орустун созу биздикилерге закон болуп калган
18.03.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эй Россия Россия бир боор энем!
Эмчектен чыгарсанда кетпейм сенден.
-Жол кырсыгын озунор эле чечип койбойсунарбы Орустарды кийлигиштирбей эле. Кыргызстаным качан онолосун деги!? Же ушунтип ар кимге жалдырган Кыргызстанды коруп козум отуп кетеби.Билбейм.
18.03.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орустар кызыл десе кызыл сары десе сары болуп калдыкко. Жат десе жатып тур десе туруп колду котор десе которуп дегендей
18.03.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meerimma84,Эми бутту котор дебесин да орустар.
18.03.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келесоолор камаш керек баарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: